24. АКЫЛ-НАСЫЯТ



Балдар, мен азыркы айрым жаштарга бир-эки сөз айтайын дедим эле. Кимге кандай сөз керек экенин билбей турамын. Ошондой эле да уул-кыздарыма, неберелериме билген уккан акыл-насыяттарымды жазып калтырууну туура деп таптым. Ушул насыяттан ар ким өзүнө керектүүсүн алып, ар ким өзүнө ылайыктуу жыйынтык чыгарып алат го деп ойлоймун.
Менин башымдан көп окуялар, унутулгус күндөр өттү. Турмуштун эң оор сыноолорун, ачуу-таттуусун, оор-жеңилин, ысык-суугун көрдүм. Акыл айтар, жардам берээр эч ким жок, көп азап чектим таяк жедим, ызаа болдум, үйүм бузулду, ак жерден күнөөлүү да болдум. Адам кемчилигин ата-эне, бир тууган эле кечирет тура. Турмуш дегениң кечирмек тургай кайра жазалап өч алат экен. Турмуш мени көп нерсеге үйрөттү, тарбиялады. Көптөгөн чындык менен акыйкатсыздыктын күбөсү болдум, кетирген кемчиликтеримди каттуу кыйынчылык менен оңдодум.
Силер азыр бактылуу турмушта жашап жатасыңар. Кийинчерээк балдар үйлөнөт, кыздар турмушка чыгат, окуйсуңар, иштейсиңер. Ал кезде бул маселелер боюнча бет-маңдай келип сүйлөшүүгө мүмкүндүк болбойт. Ошондуктан мен айткан нерселердин керектүүсүн алгыла, керексизине капа болбогула.
Эс — акылдуулук менен иш кылгыла, кийин өкүнбөйсүңөр. Билемин, жаштар чоңойгон кезде карыялардын сөзүнө анчейин маани бербей, «эскилер түшүнбөйт, артта калгандар» деп коюшат. Элибиздин кылымдар бою чогултуп келген турмуштук тажрыйбасынан баш тартып, жаңыны жаратуу, өзгөртүү, мүмкүн эмес. Улуу А. Навои «Эгерде адамды турмуш тарбиялай албаса, ал адамга эч кандай акылман окутуучунун кереги жок» деген. Эгер мүмкүнчүлүгүңөр болсо ата-энеңердин көөнүн оорутпай, зээнин кейитпей сыйлай жүргүлө, силер буга милдеттүүсүңөр, силердин жашооңор ошолорго байланыштуу, ансыз деле алар силерге мейман. Силер өз балдарыңардан сый-урмат үмүт кылсаңар, асыл затыңар ата-эне болсун. Кээ бирөөлөр үйлүү-жайлуу болгондо, диплом алып кызматка орношуп, өз тиричилигин өзү өткөрүүгө жөндөмдүү боло калса эле ата-эненин өлүмүн күтүп калат окшойт. Силер андайлардан болбогула, ансыз деле алар өлөт. Эч ким бул дүйнөдө түркүк боло албайт. Андан көрө алардын узак жашоосун тилеп, көмөк бергиле. Өзүңөр кедей болсоңор да акылга бай болгула. Акыл менен акча таса болот, ал эми акча менен акылды таба албайсыңар. Ата- энени табуу такыр мүмкүн эмес. Ата-энесиз бала армандуу болот. Эгер мүмкүнчүлүгүңөр болсо көп китеп окугула, эмгектен качпагыла, өткөн өмүргө өкүнбөйсүңөр. Ансыз илим-билим алуу кыйын болот, «эл билбеген чолок, эби жок нонок болот» деген элдин бир асыл сөзү бар.
Жигиттик — өмүрдүн эң таттуу каймак мезгили. Ал кезде ыгы жоктук кылбагыла, бул жигит кишиге таандык мүнөз эмес. Жигит кезинде тыкан, сезгич, таза, дилгир, кичи пейил, жайдары, ачык мүнөз, талапчан, сылык жана маданияттуу, болуу зарыл нерсе. Мен жигитмин деп эле жалаң жаштар менен жүрө бербей анча-мынча карыялар менен да аңгеме кура жүргүлө, алар көптү билет. Эч качан бакыл, былык, жойпу, мыкыр, мыкаачы, эки жүздүү жана калпычы болбогула өмүргө да акыретке да зыян. Бир жерде туруктуу жашап, иштеп үйрөнгүлө, абийирдүү болосуңар. Карыяларды көргөндө салам берип, сыйлап өткүлө «кары билгенде пари билбейт» — дейт силер да карыганда жаштардан сый урмат көрөсүңөр, карыяларга көп үйрөтпөй, көптү үйрөнгүлө. Эгер карылыкта кор болбоюн десеңер билим, өнөр үйрөнгүлө. «Өнөрсүз акыл-жылаңач дене, акылсыз билим куураган жыгач». Демек акыл илим, өнөр ажырагыс нерселер, акыл билимдин булагы, ал эми билим болсо акылдын көркү. Акылсыз, билимсиз адам үй- бүлөгө, коомго, пайдасыз «ашка жүк, башка жүк» болот. Акыл, билим, өнөр-булар берметке тең нерселер, ушул жагыңарды карап, эл силерге жакшы же жаман деп ат койот. Сөздү түшүнө да, түшүндүрө да билгиле, сөзгө бай, чукул ойчул, учкул сөздүү болушуңар керек. Уккан нерсени унутпай жүрүү жакшы сапат. Ар дайым жагымдуу, мазмундуу, керектүү сөздөрдү сүйлөй жүргүлө. Артык баш сөз өзүңөргө зыян. Бирөө силерге бир нерсени сураса канагаттандыра жооп бергиле, башка бирөөдөн сураса баш сугуп аралашпагыла уят болот. Досу жок жигит элден чыгып калат, бирок досту да тандай билүү зарыл, себеби « наадан достон март душман, акылсыз достон акылдуу душман жакшы» деген сөз бар. Ошондуктан досту тандоодо адашпагыла. Элдин көзүнчө досуңарга акыл үйрөтпөгүлө, себеби досуңардын айыбы ачылып калат, мамилеңер бузулат. Досуңардын кемчилигин айткыңар келсе өзүңөрчө кенен- кесир ачык сүйлөшкүлө. Жакшылыкты билген, түшүнгөн кишиден мамиле үзбөгүлө, бирок кылган жакшылыгыңарды милдет кылбагыла, бул текебердиктен болот. Бул сапат кудайга да жакпайт. Ар дайым адилетүү болгула, өзүңөргө жакшы. Кайгыны да, кубанычты да түшүнө билген кишиге айткыла. Өлүм алдында да жашоодон үмүт үзбөгүлө, үмүт деген бул адам үчүн өтө чоң күч.
Эгерде бирөө жамандык кылса, силер ага жооп издебегиле, ал адамга турмуш өзү эле жооп берип коет. Билбеген нерсени уялбай сура кийин арман болот, эгерде билип алсаң мактанба уят болот. Эгерде ак жериңден кара болуп айыпталсаңар сабырдуу болгула «Сабырдын түбү сары алтын», дейт. Сабырдуулук – ыймандан. Акылдуу кишилер менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылгыла, көп нерсени билүү эртеңки турмушуңар үчүн керектүү жана пайдалуу. Канчалык жогорку кызматта болсоңор да өзүңөрдү кичи пейил, адамкерчиликтүү кармагы. Жөнөкөй болуп, оолукпай жүргүлө. «Улук болсоң кичик бол» дейт элде. Окумуштуу болуу оңой, адам болуу өтө кыйын.
Ар кандай ишти «жети өлчөп бир кескиле», анны баштоодо кеңешип көргүлө, «кеңешип кескен бармак оорубайт». Өзүңөр билбеген, чече албаган талаш-тартыш маселеге аралашпагыла уят болот, жөн эле угуп, маанисин түшүнүп алгыла. Сыр жашырып үйрөнгүлө, аманаткөй болосуңар, эл аманатка кыянат кылгандарды жактырбайт.

Жетекчилер менен жетекчидей, дос менен достой, бала менен баладай, аксакал менен аксакалдай мамиле кылгыла. Таза сулуу, жана катасыз жазганды үйрөнгүлө, керек болот.
Эгин эккенди, мал бакканды, дыйканчылык кылууну, соода кылууну, ат токуганды үйрөнгүлө. Үй-орозгерге, чарбачылыкка керектүү буюмдардын аттарын, бузулса оңдогонду билгиле. Техниканын бардык түрлөрүн билгиле. Ууру, ичкич, селсаяк болсоңор бул жашооңор да, акыретиңер да күйөт!!
«Чакырган жерден калбагыла, өзүңөр басып барбагыла». Дем алгыңар келсе узак уктабагыла, уйку жана мастык адамдын өзгөртүп, ден соолугун бузат. Спортту билгиле, бул ден-соолуктун булагы. «Жигит кишиге жетимиш өнөр аздык кылат». Ат минүүнү, мылтыкты, тапанчаны таамай атып үйрөнгүлө, ат минсеңер жорго тандап, жапырайып албай көрктүү мингиле. Эч качан бирөөнү алдабагыла. Мен дос маселесине кайра кайрылып койгум келди. Жигит киши досу болбосо жалгыз калат, башында жакшы, кубанычтуу күндөр, кайгылуу оор күндөр келет. Досуң канчалык көп болсо айыбың аз болот, душманың да айбыгат. Эгерде эки дос таарынып калса этият болгула, калыс туруп элдештирип койгула, «Талканбай достон» оолак болгула, досторуңар келбеттүү, сүрдүү акылдуу, билимдүү, сөзгө чебер, ар намыстуу, тыкан, кичи пейил жана адамкерчиликтүү болсун. Ишиңер ар дайым жакшылар менен бүтө бербейт, жаманга да ишиңер түшөт. «Доско зар, душманга кор болбой» жашоону үйрөнгүлө. Дос жакшы болсо таштабайт. Байлык, бийлик менен дос болсоңор ал түбөлүк эмес. Ыклас менен, көңүл менен дос болгула. Силерде материалдык байлыкка караганда рухий байлык күчтүү болушу керек. Бирөө менен эч качан касташпагыла, калп сүйлөбөгүлө, эки жүздүү жасакер, ушакчы болбогула тынч уктайсыңар. Мен силерге бир топ нерсе айттым, бирок акыл эс жөнүндө эч нерсе айтканым жок, себеби мен силерди буйрук менен акыл эстүү кылалбаймын, бул мүмкүн эмес. Акылдын эки түрү болот –тубаса жана турмуштан, эмгектен тапкан акыл. Ошондуктан мен силерге акылды буюра албаймын, ал өзүңөргө байланыштуу болот. Акыл, өнөр, кесип булар сууга акпайт, чөкпөйт, отко күйбөйт, ууру да алалбай турган асыл нерселер. Акылсыз болсоңор азаптуу жашайсың. Тууган урук жолунда сый жүргүлө. Төмөнкү макал-лакаптарды ар дайым эсиңерге ала жүргүлө: 

«Калптын казаны кайнабайт».

«Жалкоо болбо- кем болбойсуң, ууру болбо-узак жашайсың».

«Сөзүңө туруктуу бол- ишиңде ийгилик болот».

«Колдо бар алтындын баркы жок, агын суунун кадыры жок».

«Элге жакпаган ишти кылба, билимсиз менен дос болбо, билимдүү менен кас болбо».

«Акыл жаштан, асыл таштан».

«Билеги жоон бирди жыгат, билими жоон миңди жыгат».

«Абийирдүү болгуң келсе- адилеттүү бол, уят болбоюн десең бирөөнү уят кылба».

«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт».

«Билимиң узун болсун десең- колуңду кыска кылып, паракор болбо».

«Көп жеймин деп- аз ырыскыңдан куру калба».

Ошондо гана «Сенин күзгүң эл болот, досуң бел болот, кемчилигиң кем болот».

«Кудай кошкон Кудаа болот, Пайгамбар кошкон дос болот».

«Ырыстууга жуучу келет, Ырыссызга доочу келет»

Ата-мекенди коргоо ыйык милдет. Эне тилиңерди, улуттук маданятыңарды унутпагыла, сапатыңарды жоготосуңар. Дуйнөлүк башка элдердин тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сыйлай билгиле. Үй-бүлөөлүү болгондо колдо бар дүйнөнү ата-энеңерден, аялыңардан, балдарыңардан аябагыла, жашырба, дүйнөкор болбогула. Себеби алар табуучунун колун карайт. Аялыңар өз ишине, үй-тиричилигине тың болсо силер кор болбойсуңар. Жакшы аял эч качан силерге кабак чытыбайт, сөзүңөрдү какпайт, жогуңарды эч кимге билдирбейт:

Жакшы катын белгиси,
Булгары кылат терини,
Мырза кылат эрини.
Жаман аял белгиси,
Калдырак кылат терини,
Карыздар кылат эрини.

Ошондуктан акыл эстүү, илимдүү колунда өнөрү бар кызга үйлөнгүлө. Аялыңарды кызганууңар керек, антпесе абийириңер кетет. Турмуш тиричиликтин оорун көтөрүп, аялыңардын көөнүн оорутпасаңар, алар силерди ар кандай нерседен жакшы көрөт, сыйлайт, урматтайт жана түшүнөт, жакшы жашайсыңар тетик жүрөсүңөр. Эгер балалуу болсоңор жакшы ат койгула, аларды окутуп, жакшы тарбия бергиле, адептүү өстүргүлө. Эгер балаңарды мугалим урушса ортого түшпөгүлө, баланы бузуп аласыңар. Балаңар жакшы болуп рахмат алса да, жаман болуп насаат айтса да силерге тийет, себеби бул силердин тарбияңардын натыйжасы. Эгерде кыздуу болсоңор адептүү, акылдуу, илимдүү жигитке бергиле. Кудайдан бактысын тилегиле. Кызды тарбиялоо аялдын иши, бирок силер четте калбагыла, аталык милдетиңерди өз убагында аткаргыла. Балдарыңардын келечегине кайдыгер мамиле кылбагыла, азабын өзүңөр тартасыңар.

 

 

 

177 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *