25. СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ



Силер ойлорсуңар: «атабыз бардык нерсени жазыптыр, бирок сүйүү жөнүндө эч нерсе дебептир» деп. Мен ал жөнүндө кенен кесир сүйлөшүүнү кийинки орунга койдум. Туура, сүйүүсүз турмуш болбойт, коом өнүкпөйт, бирок ал өтө татаал, көп кырлуу нерсе, ал отко, сууга, өлүмгө да алып баруучу ырайамсыз нерсе. Ошондуктан сүйүү жөнүндө билбей туруп, сөз кылуу туура эмес.
Эгерде силер жакшылап байкасаңар ар бир кишинин көңүлү назик, таза, тунук жана байкооч келет. Эгер андай болбосо сүйүү болмок эмес, себеби сүйүү ошол назик, таза сезимден, мамиледен пайда болот, Ошон үчүн сүйүү бул айтылбаган сезим. Сүйүү тунук, таза болсун үчүн эрктүү болуш керек, эрк болбосо ар качан сүйүү — кор курулай эле ырга, сүрөткө айланып калат, демек, ада м алгач өз эркин тарбиялоосу зарыл. Сүйүүсүз бактылуу үй-бүлө болбойт жана коом өнүкпөйт. Сүйүүдө табигый жана жасалма түрлөр бар. Сүйүүнүн баары эле таза чыныгы боло бербейт, аны акыл менен ажырата билүү зарыл. Азыр кээ бир жаштар сүйүүнүн өзүн билбейт, анан ашыктык торуна мурдараак чалынып алат экен да кыжаалат болуп, азап чегишет, бул акылсыз, эрксиз жигиттин иши. Эрксиздер ашык болгондо сүйгөнүңө жетпей калса өмүр бою армандуу, азаптын уюгу, акылы кетип, көзү тунарып жашоосун эрте карытат.Сүйүү – бул көп түйүндүү, көп кырлуу түркүн түрдүү да татаал да, ал өмүр, ал келечек.
Сүйүү чын ыклас менен, келечекте жар болооруна көзү жеткенде гана пайда болуусу зарыл. Антпесе жанагы ашыктыктын ооздугун тартуу кыйын болуп калат. Ошондуктан ары өткөндүн баарына көз сала бербеш керек. Адамдын акылы жүрөгүнө күчү жетпесе — итчилик. Чындыгында мындай эскермелерди өмүрдүн толук нерселери менен жазуу керек эле. Бирок, мен көзүмдүн тирүүсундө балдарым окуп калуусун тиледим. Анткени бул жарык дүйнө алдамчы келет. Кайсыл күнү ким эмне болорун билбейт. Менин дидарлашуум, өмүр сырларым жана акыл насыятым бүттү, капа болбогула!

Бул ааламдын имараты, Ойрон экенин билбедим. Денемде жаным канча күн, Мейман экенин билбедим — деп ырдаптыр бир акылман!!!

 

 

 

261 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *