26. КАТААЛ ЖЫЛДАР ЖАРКЫН ӨМҮРЛӨР



Ар кимдин киндик каны тамган туулган жери, ыйык кымбат жана кооз. Менин да туулган кыштагым Бек-Абад ыйык. Бул кыштак Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Теңдик» колхозунун борбору. Мурда бул жерде Социализм, Куйбышев, Ленин, Кызыл- Багыш, Эркин, Молотов, Коганович, Жийде деген колхоздор бар эле. Кийинчерээк Ленин, Маленков, Эркин болуп, андан кийин баардыгы бир эле Эркин болуп бирикти. Кийинчерээк Теңдик, Эркин болуп дагы эки колхозго бөлүндү. Азыр Теңдик колхозу батыш жагынан Ханабад, чыгыштан Чангет-Сай,Түндүктөн Барпы колхозу менен чектеш.
Илгери, союз гүлдөп турган учурда кооз имараттар, мектеп, мончо, клуб, оорукана, чоң дүр дүйнө дүкөндөр, контора-мекемелер көз талытат эле. Мына ушул айылдан кечээки апаттуу согушка 647 азамат аттанган. Алардан 444 согушта курман болуп, кайтпай калышты. Алар үчүн Бек-Абаддын чыгыш жагында колхоз конторасынын алдында чоң эстелик тургузулган. Мен бул бөлүмдө силерге арнаган эстеликтин аягында убада кылгандай атам, чоң атам, абам жөнүндө атайын сөз кылмакчымын. Себеби бул кишилер беш жыл кан кечип, согушту Берлинде бүтүрүп кайтышты. Өмүрүнүн эң күрдөөлдүү мезгилин партиялык, советтик жана чарбалык иштерде өткөрүштү. Албетте атам апам экөө ажырашса бизде эмне күнөө , бизди көрүнгөнгө кор кылып, бирөөнүн эскилерин кийгизип, кешигин жедирбей эле багып, окутуп, үйлөп, үй салып берип койсо болмок. Жок дегенде туугандарым жардам колун созуп койсо эле эч кандай арман болмок эмес. Мейли өткөн ишке салават. Үч эр азамат жоокер, ишмер кишилер, Эрмат болуштун балдары жөнүндө сөз кылабыз. Биздин чоң энебиз Ажар Эрмат болуштан тогуз бала көрүптүр үч уул, алты кыз. Чоң атамдан улуулары беш кызы өлүп кетиптир, Мага белгилүү жана менин жашоо турмушум менен түз байланышкан төртөөнү гана атамды, чоң атамды, эжемди, абамды гана билемин. Алардын эң улуусу Эрматов Назирбек, андан кичүүсү Эрматов Батырбек, анан Курманжан эжем, анан Эрматов Ботобек абам. Курманжан эжем жөнүндө жогоруда көп эле айтылды, ошондуктан мен чоң атам, абам жана атам жөнүндө гана сөз кыламын. Булардын басып өткөн жолу өзүнчө тарых. Бул ортодо ушул үч бир тууганды билбеген эч ким жок.

 

 

 

224 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *