27. ЭРМАТОВ НАЗИРБЕК



(1908-1990)

1908-жылы Эрмат болуштун үйүндө туулган. Граждандык согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүдө колхоз кыймылында, Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөштө активдүү катышкан. 1942-жылы Согушка кеткен, туура Подмосковьеге барып генерал В. И. Панфиловдун 8-аткычтар дивизиясында, кийинчерээк 316-гвардиялык аткычтар дивизиясына кызмат өтөгөн. Фашисттик баскынчылардан Волоколамск, Калинин шаарларын бошотууга катышкан.
Катуу жарадар болуп, Митич шаарындагы 545-госпиталда дарыланган. 1943-жылы январь айында экинчи жолу согушка кирген. 1943-жылы мартта Курск анан Орловский багытында согушка катышкан. 1943-жылы июль-август айларында фашисттерди Орелдон кууп чыгууга катышат. Орел багытындагы кандуу кагылышууда фашисттердин Орловскийдеги штабын ээлөө учурунда кулагынан оор жарадар болгон. Калуга жана Свердловскийдеги согуштук госпиталда даарыланган. Андан кийин Колоранный госпиталында даарыланган. 1943-жылы отпускага келип, жарааты оорлошуп кетип, согушка кайра барбай калган. 1944-жылдан 1953-жылга чейин «Социализм» колхозунда башкарма, 1954-1958- жылдары ушул эле колхоздо башкы бухгалтер, 1959-1962- жылдары мал чарбасы боюнча башкарманын орун басары, 1962-66- жылдары мал чарба бухгалтери, 1966-1970- жылдары ревкомдун төрагасы болуп иштейт. 1970-жылы пенсияга чыкты. Эки уул, эки кызы, ондон ашык неберелери бар. «Кызыл Жылдыз», «Ата-Мекендик согуш» ордендеринин жана жети күжүрмөн медалдардын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Чоң атам Назирбек Эрматов 1990-жылы дүйнөдөн кайтты.

Чоң атамдын уул-кыздыры:

Назирбеков Өсөралы (1940-ж.) кыргыз айыл чарбасына көп эмгеги сиңген, республикадагы үрөнчүлүк боюнча бирден бир алмашкыс адистерден. КелинибизЗамиракан мүнөзү да тиричилиги да адам суктанаарлык жан. Назирбеков Калмамат (1948-ж.) инженер, бул инимдин мүнөзү да инженер, акылы тынымсыз талаш менен алек, келинчегин мен ушунча жыл билем. бир да жолу инибизге үнүн көтөргөнүн же наалыганын уга элекмин. Назирбекова Үлпөтай (1951-ж.) дарыгер, карындашым уруубуздун ден соолугу, күйөө балабыз Кубаныч кудайга шүгүр, эл сыйлаган уулдардан. Назирбекова Урматай (1953-ж.) бухгалтер, жолдошу Акмат өзүбүздүн айылдагы урматтуу жигиттерден.

 

 

 

195 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *