28. ЭРМАТОВ БАТЫРБЕК



(1910- 1993-ж. )

Эрматов Батырбек — атам 1910-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. Атамдын өмүр жолу агасы Назирбектин өмүр жолунан башкача, татаал жана жооптуурак болгон экен. 1927-1930- жылдары Бек-Абадда басмачыларга каршы түзүлгөн партизандык отрядда кызмат кылат. Командирлери Ашыров Ысмайыл, Сыдыков Маматаалы дегендер болгон. 1931-33- жылдары кадровый армияга кирген. 1933-1935- жылдары территориялык комсомол комитетинин катчысы. 1935-37- жылдары Жалал-Абад шаардык комсомол комитетинин катчысы, (1-секретары болуп Малабаев Жолдошбек иштеген), 1937-1941- жылдары НКВДнын Кара-Дарыя участкасынын начальниги болуп иштейт. 1941-жылы 31- июлда согушка кетет. Ташкентте гвардиялык кавалеристтердин 6-двизиясы түзүлөт. Ошол дивизияныш өзүндө 25-өзгөчө полк түзүлүп, ал атайын тапшырма менен Иранга жөнөтүлүп, тапшырма ийгиликтүү аткарылып, кайтышат. 1942-жылы Алма-Атадан офицердик курсту бүтөт. 1942-жылы, декабрда Прибалтиканын эң балчыктуу сазына алып барды- деп эскерер эле атам. Андан тез эле үчүнчү Белорус фронтуна кошуп койду, фронттун командири, армиянын генералы И.Д.Чернявский, 6-двизиянын командири Брикин, 25-полктун командири Кравченко дегендер эле, мен ошол 6-двизиянын өзгөчө бөлүмүндө кызмат өтөдүм. Белорусиянын, Витебск, Смоленск, Орш, Борисов жана башка шаарларын бошотууга катыштым. 1944-жылы Батыш Белорусияга, андан Польшага кирдик. Ал жерден генерал К.К.Роккосовский командалык кылган 2-Белорусь фронтуна кошулдук. Согуш жылдары Роккосовский, Чернявскийлер менен кол берип көрүшкөн элем, экөө тең келбеттүү, сындуу, сүрдүү, сулуу чыныгы баатырлар экен. 1944-жылы Польшаны бошотуп, 1945- жылы чыгыш Прусиянын Кеннингсберг шаарына кирдик. Кеннингсберг, Алленштейн, Галда, Найдебург шаарларын бошотууга катыштым. Атайын тапшырмалар менен Европанын башка борбор шаарларында да болдум. Кеннингсберг шаарын бошотууда И. Д. Черняховский курман болуп, бүт фронт, армия катуу жоготууга дуушар болду. Маршалл К.Г. Жуковду мен 5 метрдей аралыктан көрдүм. 1945-жылы апрелде Берлинге 45 чакырым калганда катуу жарадар болуп, адегенде Польшада, анан Москвада дарыланып, андан Саранскидеги согуштук госпиталда жаттым. 1945-жылы сентябрда үйгө кайтып келдим — деп согуш күндөрүн эскерип калаар эле атам. 1945-46-жылдары НКВДда, 1946-51- жылдары Кызыл-Пахтачыда, 1951-52 жылдары кайра НКВДда, 1953-56- жылы кайра сельсоветтин төрагасы, 1956-58- жылы «Үлгүдө» сельсоветтин төрагасы, 1958-61- жылы облисполкомдо, анан ГОВДда иштеп, 1970 жылы пенсияга чыгат. Атам эки «Кызыл Жылдыз», эки «Ата-Мекендик согуш»,1-2- даражадагы «Күжүрмөн Даңк» ордендеринин, 14 медалдын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Өмүрүнүн 40 жылын ички иштер органдарында, калганын партиялык жана чарбалык кызматтарда өткөргөн.

Атамдын уул-кыздары:

Батырбеков Камал, Кызыл-Багыш, «Интернационал», Ворошилов орто мектептеринде мугалим болуп иштеди. Агамды билгенимден бирөөдөн бир же бирөөгө бир сом пара бергенин көрбөдүм да укпадым. Өмүрү айлык менен жашап өттү, бирок эл ичинде кадыр- баркы тоодой эле. Кантсе да эл ак эмгекти баалайт. Жеңем Токтошкан дүкөндө соодагер болуп иштеди. Байкуш анын да бирөөдөн бир тыйын жегенин укпадым. Соода кылган дүкөнү айылдык болгонуна карабай ай сайын ревизия келе берээр эле. Бирок бир да расстрата болгонун укпадым. Чогуу төрт уул тарбиялашты, неберелер көрүштү. Кыздуу
болушпады. Агам да анын жубайы да ичээр суусу түгөнүп, о дүйнө аттанышкан. Атамдын башка аялдарынан көп уул- кыздары бар деп угабыз, бирок эмнегедир алар менен анчейин деле катташа бербедик. Атам 1993-жылы дүйнөдөн кайтты. Ал кишинин өмүр жолу, элге сиңген эмгеги, жаркын элеси баары бир менде ыйык сакталат. Мен атам менен сыймыктана аламын…

 

 

 

57 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *