29. ЭРМАТОВ БОТОБЕК



(1917- 1992 ж).

Эрматов Ботобек 1917-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. 1950-жылы Жалал-Абаддагы Педагогикалык окуу жайынын бир жылдык курсун бүтүргөн. «Ал убакта директор Жамгырчиев, завуч Т. Байчиев, орус тили мугалими Буркво, география мугалими Галимов, Шерязданов, Малабаевдер эле. Ал убакта ачарчылык, окуу куралдары, кийим, жатакана жок эле» — деп эскерет абам. 1936-жылы зав. Районо Измаиловдун буйругунун негизинде Жийде мектебинде мугалим болуп иштедим. 1939-жылы армияга кеттим. 1941-жылы согуш башталып, 100-танковый бригадада кызмат өтөдүм. Командири полковник Иванов, началник штаб Пименев. Булар Москваны коргоого жана Москваны, Можайскийди, Малокаменскийди бошотууга катышкандардан. 1943-жылы Курск-Орел согушуна катыштым. Июлдун орто ченинде адам баласынын түшүнө да кирбей турган, акыл туура келбеген кандуу кагылышуу болду. Адамдан танка көп, кулак дүлөй, көз сокур болуп, оозу-мурдуң уу жыттанат, өң-түстү таанып болбойт.
Чыныгы оопат, кыямат болду. Танковый армиянын командири генерал- лейтенант Попов, мен шоферу жана почточу элем. Ошондой эле өтө жашыруун маалыматтарды ташуучумун.
1944-жылы Польшаны, Львовду, Ужгородду бошотуп Германияга жөнөгөнүбүздө бизди жолдон эле Прагага жөнөтүп Чехословакияны бошотуу менен согушумду бүтүрдүм». Абам Польшада, Румынияда, Венгрияда, Германияда атайын тапшырмалар менен жүрүп, 1946-жылы үйүнө келет. Ал согуштагы куралдаш жоокер досторун эскерип, алар менен катташууну, көрүүнү көп эңсөөчү. Айрыкча Смоленскийлик Романовскийди, майор Боганды, капитан Курочкинди, полевая почта 41166да иштеген Москвалык Нина Мокроусованы, Нина Ганкинаны көп эстеп жүрдү. Бирок ушулардын адресин жоготуп койгонун айтып кейип калчу. Нина Макроусованы жактырып калган экен. Небереси Майсалбектин тоюнда ошолорго арнаган ырын ырдап туруп ыйлап жиберген эле. Кийин мен тамашага салып, күлүп жүрдүм. Абам 1946-50- жылдары Бек-Абаддагы С.М.Киров атындагы мектепте иштейт. 1950-77- жылдары башка кызматтарда иштейт. Абам да 10дон ашык орден жана медалдардын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Үч уулу, эки кызы, ондогон неберелери бар.

Абамдын уул-кыздары:

Чоң уулу Зулпукар — шофер, кичиги Шабданбек — соодагер, кызы Көпайсин — дүкөнчү, уулу Мадаминбек — механик, кызы Гулчехра — колхозчу. Абам тирүү кезинде өзү окуган Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын тарых музейине эң көп тарыхый мааниге ээ болгон материалдарды өткөрүп берген. Алардын ичинде Европа мамлекеттеринин акчалары, грамоталар, күбөлүктөр, мөөр, жашыруун чатын таллондору жана башкалар бар эле. Абам 1992- жылы дүйнөдөн кайтты. 1995- жылы 7-май күнү Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 50-жылдыгында апам Саламат, 3ууракан, Салмакан, жеңемдер жана Курманжан эжем «Юбилей медалы» менен сыйланышты.

 

 

 

165 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *