30. ЫРЛАР



Мен ушул күлкү келээрлик ыр саптарын жазбай эле койсом да болмок, бирок 30 жылдан ашуун мени менен бирге жүрүп саргарып бараткан тарых барактарын, ошол убактагы окуялардын күбөсү болгон балалык менен коштошуу, жигиттик мезгилдин башталышы болгон мезгил учкунун таштаганга көзүм кыйбай жазып койдум. Бул иш менимче айып болбосо керек.

Биринчи колум бармагым,
Ыр жазып сага арнадым.
Бир өзүңө жете албай,
Ырбады менин арманым.

Экинчи колум сөөмөйүм,
Ушундай беле өнөрүң.
Эреркеп чанып сен кеттиң,
Эрчтип кимди жөнөйүн?

Үчүнчү колум ортончум,
Опосуз менин чолпонум,
Сен кеткен соң башкага,
Шалдайды менин оң колум.

Төртүнчү колум аты жок,
Даректелген катың жок.
Болбосо керек дүйнөдө,
Чиркин жүрөк дарты жок,

Бешинчи колум чыпалак,
Ишенип жүрдүм чын санап,
Начарлап менин жүрөгүм,

Саргайып барам күн санап,

Андан кийин алакан,
Алладан сени тиледим.
Армандуу болдуң сен дагы,
Алыста жүрүп билелик.

Кол буруму чыканак,
Жол карадым күн санап.
Болбос эле эч арман,
Колуңду койсом ушалап.

Кол аштоосу акырек,
Көргөндө көзүм жалт этет.
Кайран сүйүү соолубас,
Сөөктө кетет акырет.

2. 02. 1961-ж.

 

 

 

141 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *