Айылыбыз мурдагыдай аабат болбой калыптыр. Көр турмуштун айынан, кара курсактын азабынан ар ким өзүнө ыңгай издеп, эл тарап кеткен, үйлөр, айыл ээн. Бир караганда кыйынчылык көрүнгөнү менен, өз үйүңдө жашоо башкача. Дубалдарыбыз да бизди сагынгандай, ыйламсырап тосуп алгандай болду. Короону чөп баскан. Ал кең болгондуктан анын ар бурчуна туугандар да отуруктап алышыптыр. Биздин короодо атамдын апасы Ажар чоң энем, Ботобек абамдын аялы Салмакан жеңем, Назирбек чоң атамдын аялы Хадия чоң энем, Курманжан эжем жана анын кыздары эле калган экен. Ошентип, Назирбек чоң атам менен Абдырахман аке тарап кеткен элди, тууган-урукту кыдырып издеп, кайра чогултуу үчүн айылга көчүрө баштайт. Эң биринчиси биз экенбиз. Жаңы жашоо башталгандай боду. Апам дароо үйдү тазалоого киришти. Күжүрмөн жаны заматта үйдүн шыбынан тарта дубалдарына чейин шыпырып чыкты. Бурчтарды желе басып кетиптир. Текчелердеги чаңды айтпа. Терезелер да ышталган… иши кылып апам кечке жаны тынган жок. Анан короого кириштик. Адам бою өсүп кеткен чөп, орсойгон таштар, ылай. Апам короону да тартипке салды. Чынында азыр ойлосом, апам өз короосун аябай сагынган экен. Чоң атам башкарган колхоздо абал өтө оор эле. Техника кыйраган, электр жок, эркектер согушта, элдин көбү тарап кеткен, кампада эгинге ылайык бир ууч дан жок. Бар болгону үч төрт ат араба бар. Анан чоң атам ошол жердеги сөз билген, акыл кошкон кишилер менен кеңешип, эл аралап эгинге бир аз уруктук жыйып, ат, эшек, өгүз сымал улоо менен, МТСтен жүргөнү жарактуу бир трактор кошуп, жер айдап эгин эгүүгө киришти. «Назирбек согуштан келип колхозго башкарма болуптур» деген кабар жеткен тууган- уруктун баары өзү да көчүп келе баштады.

 

 

 

 451 total views,  1 views today

от marstanbek

Яндекс.Метрика