ТАМАША



Тамаша деп көңүл ачуу максатында бирөөлөр жөнүндө күлкүлүү сөздөрдү ойлоп табуу жана аларды таратууну айтат. Тамаша аракет жүзүндө да болот. Мисалы, бирөөнү тамашалап чочутуу, тамашалап тамагын жеп коюу ж.б. Чегинен ашкан тамашакөйлүк адептүүлүккө жатпайт. Умар ибн Хаттаб: «Тамашакөйгө тамаша карашат» — дейт. Тамашалай берген адамга анчейин деле олуттуу көңүл бурулбайт. Саид ибн Аас өзүнүн уулуна: «Тартиптүү менен тамашалашпа, ал сени сыйлабай калат, тартипсиз менен тамашалашсаң ал сенин мойнуңа чыгат» — деп насыйкат айтат. Тартиптүүлөр жөнү жок тамашалашпайт жана ашыкча тамашакөйлүктү жактыра беришпейт.

Ал эми тартипсиздер менен тамашалашкан адам өзүнүн баркын кетирет жана ал сени тоотпой сени менен да тамашакөй болуп, учур келсе эл алдында уят кылып койот. Ар нерсенин уругу бар. Душмандыктын уругу тамаша.Тамашаны көтөрө алган да, чычалама да бар. Көтөрө алганы тартиптүү болсо унчукпай, сыр бербей басып кетет, тартипсизи жооп кайтарып тамашалашкандын абийирин төгүшү мүмкүн. Ал эми тамаша көтөрө албаган адам таарынышы мүмкүн. Ал таарынычтын аягы албетте касташуу, душмандык менен бүтөт. Тамаша достордон айырат. Албетте тамашаны жактыра бербеген же аны көтөрө албаган же түшүнбөгөн достор сөзсүз мамилелеш болуудан баш тартышат. Тамашакөйлүк адамдын табигатында бар. Бирок анын чегин жана жолун билүү керек. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам «Мен тамашаласам да чындыкты айтам»— деген.

Бир жолу бир кемпир пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга келип: «Эй кудайдын элчиси, бата кылчы мени Аллах бейишке киргизсин» — дейт. Ага пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Бейишке кемпирлер кирбейт» деп жооп берет. Анда кемпир ары карап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам жылмайып: «Ооба, бейишке силер кемпир кейпинде эмес, солкулдаган сулуу селки кейпинде киресиңер» — деп, Курандан «Чындыгында биз аларды жаңыдан кыз кейпине келтирдик» — деген аятын окуп берет.

Бир келин пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга күйөөсү тууралуу айтып келет. «Сенин күйөөң көзүндө агы бар киши беле?» — деп сурайт пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам. Келин таң калып: «Жок, менин жолдошумдун көзү кара» — деп жооп берет. Анда пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Ар бир адамдын көзүндө каректи курчап турган агы болот» — деп күлдүргөн экен.

Анас бир жолу кимдир бирөө пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга төө сурап келгенин айтат. «Ага төөнүн баласын бергиле» — деп көрсөтмө берет пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам. Тиги: «Бото берип жатат» деп түшүндү окшкойт, «Мага төө керек» — деп кайра сурайт. Анда ага пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам ар бир төө өз кезегинде төөнүн баласы болгонун айтып тамашасын далилдейт.

Бир жолу бир жак көзү ооруп жаткан Сухайбдын курма жеп жатканын көргөн пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Көзүң ооруп жатса кантип курма жеп жатасың? » — деп сурайт. Сухайб: «Мен курманы соо көзүм менен чайнап жатам» — деп жооп берет. Анан пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам экөө тең каткырып калышат.

Жогорудагы мисалдарда байкалгандай пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам бирөөлөрдү шылдыңдоо үчүн эмес, аларды жубатып, көңүлүн көтөрүү үчүн тамашалаганы байкалат.

 

 

 

1,358 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *