ТУУРА СҮЙЛӨӨ, КАКШЫК, ЫР



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Адам сүйлөгөн сөзүнө маани берүүсү зарыл. Кээде туура эмес айтылган сөз, кесепетин тийгизиши мүмкүн. Мисалы: «Мен бул жакка сөзсүз барам» -деп ишенимдүү убада бергендерге күбө болосуң. Адамдын ажалы Жараткандын колунда болгон соң, ага өлүм сааты айттырбай келип калса, ал кантип барат? Ошондуктан «кудай кааласа» деп сүйлөгөн оң жана ката сүйлөп калбоо үчүн ар дайым сөзгө байкоо жүргүзүү абзел. Аллах таала Кураанда каапырларга жана эки жүздүүлөрдү арийне көп какшыктайт.

Кыргыздын оозеки чыгармачылыгын, фольклорун албетте, какшыксыз элестетүү кыйын. Ал какшыктар сөөккө жеткире айтылгандыктан уккан адамда өзүн таанып, ардуулары
моюнуна алып оңолгондору бар. Ошентсе да айтылчу какшыктын орду жана шартын эске алуу зарыл. Кыргызда “сууну сиңген жерге төк” дегени бар. Какшыкты келди- келбеди айта бергендин сөз көтөрө албаган менен урушмагы бар. Кыргыз ыр жандуу эл, анын үстүнө азыр бекерчинин баары ырчы болуп кеткендей. Ыр десе эле ырдай берүү табитсиздик. Кээде көбү билбеген акыбалды күнөөлөргө барышат. Антпесе, бирөөнүн аялына көз кысканы, аны менен түндө жолугушканы , же эки жашабай жатып, никесиз байланыш кумарын арзуу кылып ырдоону эмне десе болот.

“Колдорум артылып мойнуңа, кумарым канмайынча тек койбосом” деген ыр сабын реалдуу көз алдыңызга элестетсеңиз –порно көргөндөй эле болосуз. Муну да бир “эстрада жылдызы” ырдап жүрөт. Албетте, адамдын табигатында ыр менен жүрөктөр эргип, акылдар ибрат табат. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Аллахты мактап ырдаган шайырга чапанын жапканын укканбыз. Ошон үчүн кыргыз эл шайырларын “ак таңдай”  (ак – Хак – акыйкат ) деп эркелетсе керек.

168 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *