КӨП СӨЗДҮҮЛҮК



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Адатта, «Чечендин тили чеп бузат, тантыктын тили кеп бузат»-демекчи, көп сүйлөгөн адам сөзүнүн пайда-зыянына анчейин маани бере бербейт. Адатта, өзүнө тиешеси болбогон ашыкча же керексиз сөздөрдү көп сүйлөгөндү тантык дейт элде. Анын сөзү көбүнесе арак, тамеки, уурулук, пара, бузукулук, бирөөнү ушактоо же маскаралоо ж.б. жөнүндө болот. Адам сөзү менен адам дегендей эле, анын татыктуулугу сөзүнө жараша бааланат. Тилекке каршы, муну баамдай бербейби, айтор адамдын сөзү кээде кесепетке айланган учурлар да көп кездешет. Төмөндө адамдардын адаттагы пайдасыз, а кээде кесепеттүү кептеринен чакан мисалдар келтирели: Жат аялдар, кыздар жөнүндөгү сөздөр. Намысы тебеленип же келечегине доо кетпесин деп кыргызда кызга, аялга аяр мамиле кылынаар эле.

Өз гана эмес, өзгөнүн кызына да өздүкүндөй карап, кыз тууралуу бөөдө сөз жүргөн эмес. Кээде оозу бош гана катындар бирөө жарымды сөз кылып калбаса, эркек оозунан аял тууралуу жөнсүз кеп чыкпаган. Сөз гана эмес, эркек бөтөн аялдан көзүн да сактаган. Аз келгенсип, эркек кыз жандуу жөнүндө бөөдө сөз укса аялды да тыйган. Ошондон балким, кыргыздын кыздары турмушка чыкканча такыя менен эле такылдап жүрө алгандыр. Азыр башкача, аял тууралуу эркек көп сөз кылчу болду. Эки эркектин башы бириксе сөзсүз аял жөнүндө кеп жүрөт. Кайсыдыр катындын келбети, кебетеси эркектер ортосундагы негизги кепке айланган. Азыр көбүнесе кыздарына ата-энелер кантип кийинүүнү түшүндүрбөгөндүктөн, алар көчөгө заманбап демиш болуп, жарты жылаңач чыгып алганы чын. Өзгөчө мына ушундай кыздар жөнүндө божомолдоп эле ушак кыла бергендер да көп. Аллах Кураанда: «Аялдын зынакордукка (никесиз байланышка) барганын кеминде төрт адам көрмөйүнчө – аны айыптоого акысы жок. Күбөлөрү жок айып таккан адам — тозоку » — дейт.

Анан дагы эркектер эргүүгө жакын эл келет, кайненелер, аялдар жөнүндө анекдот айтканды жакшы көрүшөт. Негизи, анекдот дегени – бирөөнү маскаралоо дегени. Болгондо да энени маскаралоо жок эле дегенде анын дараметине доо кетирүү жана наадандык. Ал эми аялдарды сындап, келбетине артынан тамшануу менен алар жөнүндө уятсыз ой-сөздөрдү айтуу – жаман сөз айтканга барабар жана аларды угуу да чоң күнөө. Арак, арам тамак жөнүндөгү сөздөр. Заманбап отуруштардагы дасторкондон үстөл сынайын дегени бар. Андай жерге чогулгандардын сөздөрү адатта, барды келди менен эле чектелип калбайт. Себеби андан соң кимдин канча иче алгандыгы, ким өткөн тойдо канча арак койгондугу, кимдин шабашкасы канча, ким канча пара алат, ким каерден эмне уурдаганы ж.б. жөнүндө сөзсүз кеп болот. Аллах – арам — деп, тыйуу салганды жайылтуу же мактоо, суктанып сөз кылуу – күнөө. Кумар жөнүндөгү сөздөр. Кумар деп бир адатка көнүп кетүү өнөкөтүн айтат. Ал эми ислам шариатында тыйуу салынган нерсеге кумар болууну (мисалы, ичимдикке, тамекиге, баңгизатка, сойкулукка же оюнга ж.б.) сөзсүз арам деп эсептейт. Бузукулук элдеги кадыр- баркты төмөндөтөт жана мунун негизги себепчилери – алар жөнүндө маалымат таратуучулар. Демек, бузукулукка суктанып, мактап же тан алып сүйлөө — ал күнөөлөрдү жактоо деп эсептелет. Зулумдук жөнүндөгү сөздөр. Аллах Таала, бирөөнүн акысын бирөөгө арам кылып, бирөөнүн укугун бузууга тыйуу салат жана бирөөнүн мүлкүнө укуксуз кол салуу — зулумдук деп эсептелет. Заалимдер өз убагында жазаланбаса кутуруп, башкалардын акысын жегенди адатка айландырат. Мындай кесепет текеберчиликтен чыгат, адамды жакшы касиеттеринен ажыратып, менменсинүү, тоотпостукка апкелет. Бул чекти бузгандарды мактап, аларга суктануу менен сөз кылуу – алар кылган күнөөлөрдү жактаганга барабар. Пайгамбар салаллаху алайхи ва саллам «… ар бир мусулманга башка мусулмандын өмүрү, мүлкү жана баркы кол тийгис» дейт. Демек, адамдар аялдарга, ичкиликке, кумарга, залимдердин текеберчиликтерине суктанып, аларды жарыялап же тамашалап сүйлөп калышканы, жаман сөздөр менен алек болгондоруна жана өздөрүнүн түздөн түз күнөөгө кириптер болуп жаткандарына далил. Адатта, пайдасыз сөздөр бекерпоздор чогулган жыйындарда көп сүйлөнөт.

Жакшы жана пайдалуу сөздөрдү сүйлөөгө мүмкүнчүлүк болбогон топтолуштан кеткен жакшы. Себеби андай жерде сөзгө аралашып кетүү коркунучу бар. Убакыттын кадырына жеткен адам өзүнө тиешеси болбогон маселелерге көңүл бурбайт жана ага убактысын кетирбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алайхи ва саллам: «Чындыгында, Аллахка жаккан сөздөрдү айткан адам, Анын ыраазылык чегин жана кыяматка чейин анын колдоосуна ээ болгондордун катарына жазылганын, же Аллахка жакпаган сөздөрдү сүйлөп, кыяматка чейин Анын каарына калгандардын катарына жазылганын элестете албайт» — деп эскертет.

134 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *