ЖАМАНДОО, ЖАЛАА, КУР ДООМАТ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Жамандоо адатта, тили жамандардан чыгат. Алар менен сүйлөшүү өтө кооптуу. Себеби, алардын оюна дал келбеген сөз жаңжалга жана анын аягы жамандоого алып келет. Демек, бирөөнүн бетине ага жакпаган, адатта калп дооматтар, анын аброюн басаңдатуу үчүн айтылган сөздөр — жамандоо деп эсептелет. Меккеде пайгамбарыбыздын салаллаху алайхи ва саллам изинен кууп, ал заттын артынан ээрчип, ага чогулган элдин алдында аны жамандоочулар да болгон.

Аллах Таала Кураанда: «…ушакчы жана жамандоочуга кыйроо — тозок болсун!» («Жамандоочу», 1)-деп, жамандоочуларды өлүктүн этин жегендерге теңейт. Айтмакчы, бирөөнүн алданып же укугу тебеленип калбасы үчүн зулумдун үстүнөн бийликке даттануу — жамандоого жатпайт. Себеби пайгамбар салаллаху алайхи ва саллам: «Карызын создуктуруу акыйкатсыздык»-деген. Бирөөгө жок кемчиликти таңуулоо менен анын аброюн басаңдатуу – жалаа жабуу деп аталат. Мисалы, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам тууралуу: «Мухаммад салаллаху алайхи ва саллам жинди, акын, ата менен баланы, эне менен кызды, эрди аялы менен ажыраштырчу, каахин ж.б. » маанидеги кур дооматтар, жалаалар жабылып келгени Ислам тарыхынан маалим. Мындай мисалдар азыркы деле доордо, күнүмдүк турмушта байма- бай кездешет. Мисалы, ислам динин таратуучулар, өзгөчө дааватчылар тууралуу не деген гана сөздөрайтылбайт. Алар террористтер, адам өлтүргүчтөр, баңгилер, бала- бакырасын бакпай тентип кеткендер ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү ар жерден укса болот. А чынында кандай? Бул маселени териштирсе-такыр башкача экени маалым болот. Демек, жалаа кандайдыр мүдөөнүн аркасында же жөн эле оозун кармай албай сүйлөп жатабы –бирдей күнөө. Кур доомат да адамды бир далай түйшүккө салат.

Адатта кур доомат кээ бир адамдарга убактылуу пайда апкелүүсү мүмкүн, бирок адилеттүүлүгү ачылып, бул жашоодо деле жазалануусун эске албаганда да, акыретте мунун натыйжасы оор болот. Мисалы, бир кыз бир жигит менен таанышып, бир кезде жатаканага барышып, жарык өчкөн соң, кыз милицияга — мени жигит зордуктады деген доо менен кайрылат. Жигитти бар канча күн чуркатып, андан бир канча сом өндүрүп, анан кечирет. Албетте, кыздын да баланын да никесиз байланышка барганы өзү чоң күнөө, бирок, мен бул жерде жалааны түшүндүрүү үчүн ушул ситуацияны мисал катары келтирдим.

361 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *