«ШООКУМ» ЖУРНАЛЫ



Бул интервьюну «Шоокум» журналы үчүн КРнын өкмөт алдындагы дин иштери боюнча агенттигинин төрагасы Тойгонбай Закирович Калматовдон М.Арстанбек алган. Интервьюда дин жана ага байланышкан маселелер тууралуу кеп болот.

“ МАМЛЕКЕТ, КООМ ЖАНА ДИН”

Тойгонбай аке, бул кызматка дайындалганыңызга аз эле болду. Сизден мурдагы төраганын изи сууй электеги суроо — сиз бул мекемени кандай акыбалда кабыл алдыңыз?

— Молдосун төргө отургузуп, казы — уламаларынын алдынан тике басып өтпөгөн элдин азыр “муфтий кетсин”- деп митингилеп калган учурунда кабыл алдым бул агенттикти. Эми биздин конституция ар бир атуулдун эркиндигин гарантиялайт,
ошондуктан буларды күнөөлөөдөн алысмын. Бирок бул жагдайда молдокелердин да кетирип жаткан чеккиликтери бар, тагыраак айтканда кээ бир маселелерде элди ирээнжитип жаткандары жашыруун эмес.

Кыргыз мамлекетинин атуулдарынын динине болгон мамилеси кандай экен?

— Кудайга шүгүр башка мамлекеттерге караганда биздин бийлик динге түзүк эле мамиледе. Диндарлирдын укуктары одоно бузулганы али каттала элек. Конституция гарантиялаган дин эркиндиги сакталууда. Мамлекеттик каттоодон өткөн отуздан ашуун диний багыттагы агымдар бар, алар менен мамлекеттин
ортосунда анчейин деле тирешүүлөр жок.

Кыргыз элинин диндар болгону жакшыбы же атеист болгону дуруспу? Сиз ушул тармакты тейлеген куратор катары кайсыл абалда тынч уктамаксыз?

— Биз атеисттик доордо жашап көрдүк. Андан соү азыр рынок доорунда жашап жатабыз, ар коомдун ар кандай жетишкендиктерин эске алганда да эч нерсеге ишенбеген адамдан өткөн коркунучтуу адам жоктугун бүгүнкү реалдуулук
далилдеп отурат. Бир караганда атеизм деле ишеничке кирет, тагыраак айтканда кудайдын жоктугуна ишенүү. Албетте, мейли дин болсун, мейли динсиздик болсун агрессивдүүлү өсө баштаганы коркунучтуу.

Мамлекет атуулдарынын диндар болуусуна кызыкдар экен да?

— Ыймандуу адам эч качан бирөөнүн укугун тебелебесине менин да мамлекет башчысынын да, дегеле адамзаттын акылы жетет?

Демек, мамлекеттин дин багытында кандайдыр иш чаралары болсо керек?

— Кээде молдокелер, өзгөчө адеп маселелеринде кара курсактын айынан, көбүнэсе жамандыктарга, бузукулуктарга да жол ачып берип койгондору жок эмес. Балким ошондуктан элде “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба “, — деген кеп калса
керек. Мамлекет керек болсо диний ишмерлерге айлык төлөп, аларды жардылыктан алгач сууруп алса, шариаттын тунук түшүнүктөрүн жеткирип тураар беле дейм. Биздин кошуна Кытайда мисалы мамлекет диний кызматкерлерди
бюджеттен каржылайт.

Бул — мамлекет дин иштерин көзөмөлдөйт деген сөз да?

— Жок, динди көзөмөлдөө мүмкүн эмес, ал өзү көзөмөл институту. Бирок, мамлекетте диндин традициалуу түшүнүктөрдөн чыгып кетпөөсүн күзөтүү функциясы бар. Бул коопсуздук маселесине кирет.

Тойгонбай Закирович, диний ишмерлерди колдоп, мамлекет ислам динине сыпайылык мамилеси менен кээ бир державаларга жаман көрүнүп албайбы?

— Мен бир эле мусулман диний ишмерлерин деген жокмун да, мен деги диний кызматкерлерди деп жатпаймынбы…

Аларга жана сиз белгилеп кеткен, каттоодон өткөн отуздан ашуун агымдар да кирет турбайбы?

— Ооба, мамлекеттик каттоодон өткөн секталарды, агымдарды да каржылоого киргизүүгө болот.

Анда, мамлекет каттоо системасындагы кээ бир түшүнүктөрдү туура чечсе болмок экен. Мисалы, баш мыйзам дин эркиндиги деп — ишеним  эркиндигин билдирет. А чынында дин менен ишеним эки башка нерсе. Демек, дин менен ишеним маселелери толук чечмелеyбесе, ар нерсени дөөрүй бергендер деле документтерин мыйзамдарга тууралап, дин деп
каттала берет да, а чыныгы динден эмне калат?

— Бул туура коюлган маселе, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында алынган, бирок ушу күнгө дейре иштеп келе жаткан ушул багыттагы мыйзам актыларында көп мүчүлүштүктөр бар. Мисалы 10 чакты адам чогулуп, уюшмасын каттоодон өткөрүүгө акылуу, аларды каттоодо биз бөгөт койсок, соттор аркылуу бизди жеңип алышат. Эгер соттор да аларды каттоого каршы чыкса он киши кайра чогулуп, митинг пикеттерге отура калат экен.

Эми бул демократия…

— Бул демократия эмес, менимче бул анархиялык демократия

Тойгонбай Закирович, ушул бизге керекби?

— Албетте, биз бул жолду басып өтүүбүз керек, мына Американы караңыз алар бүгүн демократиянын туу чокусуна жетишти…

Менимче алар демократиянын сазына батышты, баласы атасын, кызы энесин сотко берсе болот, каалаганды сүйлөй бер, каалаганың кыла бер, адвокатың күчтүү, акчаң көп болсо сеники туура деп табыла берет…

— Эми Мыкы, мындан башка жол жок турбайбы.

Балким биз издебей жаткандырбыз, “мына демократиядан башка жолуңар жок” деп койсо эле аларды карап отура беребизби? Өзүбүздүн түпкүлүгүбүздөн издеп көрбөйлүбү?

— Бүткүл дүйнө глобализация деп, жаңы цивилизация дооруна бет алса биз кайра орто кылымга кайтканыбыз оң эмес. Биз тетирисинче Америка 200 жылда басканын тезирээк өткөнгө аракет жасообуз керек.

Тойгонбай Закирович, колуңузду жүрөккө коюп айтсаңыз. Митингдерден тажаган жоксузбу?

— Тажаганда не, дагы эле болсо демократия принциптери экен деп баш иебиз да. А негизи ар бир адам өз жашоо жолун өзү тандоого укуктуу. Ага миң жолу мындай кыл дегениң менен өзү каалаганын кылат. Эл бул демократияны көрсүн, изилдесин, балким келечекте альтернативасын табаар.

Мен сиз менен боло турган маекке даярданып жатып ушул террор деген терминди изилдедим. Көрсө террор деген сөз – коркунуч дегенди билдирет экен. Ал эми коркунуч апкелген адамды террорист дешет экен. Демек, биздин коомго коркунуч туудуруп жаткан бузукуларды, сойку-сутенерлорду,
наркомандарды, ууру-кескилерди, паракор  коррупционерлерди –террорист десе болобу? Дегеле сиз терроризм деп эмнени айтасыз?

— Терроризм классикалык түшүнүгүндө — кабыл алынган жолго каршы чыгуу — дегенди түшүндүрөт. Ал эми бүгүн бул түшүнүк коомду күч колдонуу менен өзгөртүү дегенди туюндурат. Ал эми жогорудагылардан коррупцияны кошпогондо, калганын мен терроризм демекэмесмин. Анткени алар өзүлөрүнүн абийрин гана булгап отургандар.

Бирок, алар коомго да коркунуч туудуруп жатпайбы? Сойку сойкулуктун, наркоман баңгиликтин көбөйүүсүн гана каалайт да.

— Жок, сойку тетирисинче конкуренттердин көптүгүн каалабайт. Наркоман өзү менен эле алек. Коомго бүгүн диний террористтер коркунуч туудурууда.

Туура түшүнсөм, жогорудагылар жок болсун деген сакалчандар, дааватчылар …

— Дүйнөдө абсолюттук эч нерсе жок, баары салыштырмалуу. Тактап айталы, мамлекеттин дааватчыларга претензиясы жок, бирок, күч колдонуу менен бийликке умтулуу башка. Анын үстүнө дүйнөлүк коомчулук мусулмандарды колунда автоматы бар, жада калса өзүн да жардыра алчу коркунуч катары
стереотип түзүп алды. Бүгүн мусулманчылык бул жагдайдан кутулуу үчүн туура шариатты таратуу менен алек болуулары зарыл.

Биздин мамлекет дин деп таратылып жаткан ар түрдүү идеялардын туура – катасын баамдай алабы?

— Албетте, ислам динин атанган мекемелерди атайын изилдөөчү мамлекеттик адисттер бар, алар биздин эски дамлалар, араб мамлекеттеринде билим алып кайткан уулдарыбыз жана башкалары бар. Бирок, мамлекет алардан маалымат
гана алат, ал ами чечимди өзү берет.

Мамлекет алардын кеңешине таянып террористтик агымдарды аныктай алат экен да?

— Ооба, биз азырынча “Хизбут тахрир” партиясын гана террорист деп тааныдык жана мамлекет ал уюмду каттоодон баш тартты. Учурда алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Укканыбызга караганда алар курал кармабайт экен. Куралы жок да террорист боло береби?

— Болот. Алардын айтып жатканы кадимки куралдан канча бир эсе күчтүү – идеялогияны айтып жатышат. Алар бүгүнкү ваакумдан пайдаланып, бул чөлкөмдө халифат курабыз дегени – кыйналып, жүдөп турган элди чынында үмүттөндүрөт.
Жана алар мындан пайдалангылары келет.

Келиңиз жакшысы алар тууралуу сөздөн кайталы, анткени биздин эл экөөбүзгө караганда алар жөнүндө көбүрөөк билет окшойт. Айтмакчы, кыргызстандагы диний билим берүү системасынын бүгүнкү абалы кандай?

— Кудайга шүгүр. Бир университет, алты институт, элүүгө жакын медреселерибиз бар. Бирок, бүгүн тилекке каршы алардын бирөөсү да билим берүү министрлигинен каттоодон өткөн эмес, тагыраак айтканда булардын берип жаткан дипломдору мамлекет тарабынан таанылбайт, алардын бүтүрүүчүлөрү өз
кесиптери менен мамлеттик мекемелерде иштеше албайт.

Анда буларды окутуунун мамлекет үчүн кандай кажети бар?

Мурда анчейин кажети жок эле, балким көчө тозутуп жүрө бергенден көрө окуса окуй берсин дээлсе керек, бирок, бүгүн мамлекет булардын билимин туура иштетүүнүн ыкмаларын караштырууда.

Мамлекеттик мектептерде берилип келген адеп сабактарынын натыйжасы кандай болду?

— Бир сөз менен айтканда — адеп сабактары мектептерге керек, бирок ал адеп кыргыз салтына, мамлекеттүүлүгүнө нуска келген адеп болуусу зарыл. Натыйжа качан гана адеп руханий баалуулукка багытталганда билинет.

Жогорку окуу жайларда да адеп сабактарын даярдоочу курстарын ачууга кандай карайсыз?

— Албетте бүгүнкү коом кечекиден айырмаланат. Мамлекет коомдун алдында болгусу келсе анда алардын кажеттерин, бул маселеде руханий проблемаларына жооп табууда да алдыда болуусу зарыл. Антпесе, коом өзү алдынча жооп издегени сөзсүз мамлекеттик коопсуздук маселесине апкелет. Адеп сабагы гана эмес жада калса мечиттердин имамдарын даярдоону да
мамлекеттик иш чарага өткөрсө жакшы болмок.

Бара бара мамлекет исламдашып кетсе кантесиңер?

— Бул коркунуч али жок, кыргыздар анчейин деле диндар болгон эмес, келечекте да ошондой эле калат.

Тойгонбай Закирович, менин келечекте кадимки эле орто мектеп берген билим программасын берчү, бирок адеби исламий болгон менчик мектеп ачуума мамлекет каршы болбойбу?

— Эгер документтери туура толтурулуп, мыйзамдарга каршы келбеген программа болсо мамлекет мындай жөрөлгөнү колдооруна шегим жок.

Анда сизге биздин маекте менин чоркоктугуман берилбей калган суроо болсо, айтылбай калган сөз болсо сизге эркин калем…

— Бүгүн дин багытында конкреттүү рецепт айтуу кыйын. Анткени биздин коом басып жаткан жол тарыхта да алгач өтүлүүдө. Диндин баркын көтөрүүдө ар бир диний кызматкер, дааватчы дегендин баары өз билиминин, жеке деңгээлинин өстүрүү зарыл. Анын үстүнө көпчүлүгүнө материалдык көз карандылыктан кутуулуу зарыл. Бул диндарлардын авторитетин көтөрмөк.

Айтмакчы, секталар боюнча бир инспекция жүргүзсөңүздөр, анткени алардын көпчүлүгү акча аркылуу, баш айлантуу менен каттодон өтүшүп алып, чынында элди ыдыратуулук менен, үй-бүлөөлөрдү ажыратуу менен, жамаатынын башын айлантып малы мүлкүн тартып алуу менен алектенип жаткандары толтура.

— Биз азыр ушул багытта катуу иш чараларды баштадык, бирок, албетте биздин чараларыбыз мыйзамдуулук менен алып барылат.

Тойгонбай Закирович, бизге келип маек куруп бергениңизге ыракмат, сизден мурда бул кызматта отуруп кеткен кайсыдыр эргул мурда намаз окучу экен, бул жумушка келгени – кыргызстанда диндер көп экен (!) мен баарына тең болуум үчүн намазды токтоттум дегенин уккандар бар экен. Сизге кудай туура жолун берип, биз менен бир сапка намазга тургузган болсун. Окурмандардын жана чыгармачыл жамааттын атынан өзүңүзгө жана бүлөөңүзгө тынчтык каалоону уруксат этиңиз. Ыракмат!

Интервью алган: КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист жана коомдук ишмер М.Арстанбек
Интервью «Шоокум» журналынын 2008-жылдын 12-июнундагы санында жарык көргөн.

222 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *