«АСМАН-ПРЕСС» ГЕЗИТИ



Бул интервьюну М.Арстанбек «Асман-пресс» гезити үчүн экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеевден алган. Интервьюда саясат, дин, экономика, коом, келечек жана ага байланышкан маселелер тууралуу кеп болот.

«Асман-пресс» гезити, 31.03.2009

Жумакадыр агай, бизге берилген мүмкүнчүлүк гезиттин бир эле бети болгондуктан, мен биздин маекти бир канча рубрикаларга бөлүп, аларга ылайык тариздедим. Айтмакчы, кайсыдыр суроо Сизге жакпаса же анын түзүлүүсүнө ынанбасаңыз, сунушуңузду кубануу менен кабыл алам.

— Баары жайында, мен даярмын.

Саясат тууралуу

Адатта саясат десе эл бийлик деп билип калганбы, же батыш ошентип түшүндүрүп койгонбу, ага ар ким деле аралаша бергиси келбейт экен. Антейин десең, президенти кууп жиберген да, жаз келсе эле “кетсин” дей бергени да биздин эле эл окшойт. Балким бүгүн саясат деген түшүнүктүн өзүн кайра кароо туурабы дейм.  

— Албетте, советтик тоталитардык башкаруу системасында мамлекет бүт саясатты өзү аныктагандыктан элдин саясий ишмердүүлүгү бийликке толук баш ийет эле. Балким ошондон  элибиз саясат десе бийлик деп түшүнүп калгандыр. А чындыгында саясат бул адамдардын карым катнашы да, мейли ички болсун мейли сырткы болсун. Манас, Манас деп кыйкырышат, Манастан бармактай нерсени билишпейт. Карабайсызбы Манастын саясатын, элин жыйнап
журт кылды жана аны коргоп, улуу кылды. Бул мамилелердин жыйындысы. Албетте, мамиле эл менен болуп жаткандыктан, кеңеш институттарын киргизүү жана аларга коркпой эле мандат
берүү менен иш алып барса болот. Чындыгында саясат десе бирөөлөрдөн көчүрүп жасайбыз. Туура айтасыз, жада калса саясат жөнүндөгү түшүнүгүбүздү да бирөөлөрдөн көчүрүп алдык.

Агай, ошондо бүгүнкү ички саясат кандай болуу керек да сырткы саясат кандай жүрүү зарыл?

— Ички саясат –эл биримдиги-бул албетте күчтүү кадрлар, эгер профессионалдар бир айылдан кыркы чыкса кыркын тең жогорку деңгээлде иштетүү керек. Кадр маселесинде саясат
трайбаллисттик компромиске эмес профессионалдык компетенцияга негизделүү зарыл. Ал эми тышкы саясат – көз карандысыздык, геосаясатта өз ордун туура баалоо керек. Бул өтө орчундуу маселе, ушуну табалбагандан жерлерибиз басылып, сатылып жатат.

Коом тууралуу

— Коом болуп жашоо да бир жетишкендик, чынын айтканда бүгүнкү кыргыздар (кыргызстандыктар) бир коомбу, коомчолорбу, элби, калкпы же жөн эле толпабы?

— Бир чети өтө коркунучтуу суроо, коом табигатын түшүнбөгөндөр сөзгө асылышы мүмкүн. Бирок, бүгүн кыргызда коом жок. Советтерде коом бар эле. Камчаткадагы кубанычка Ат- Башыда деле кубанчу, Ташкетттеги кайгыга Чувашияда кайгырчу. Бирөө душман дегенди баары душман дечү, дос дегенди баары дос деп билчү. Жашаганы грузин, чечен, өзбөк, татар дебей бир мыйзам эле. Мына бул коом. Бизде такыр тетири. Бири кайгырганга экинчиси кубанат, бири таарынганга экинчиси жалбарат. Ар кимиси өзүнө ыңгайлуу мыйзам менен
жашайт.

— Агай анда буларды бириктирип турган эмне?

— Чогуу жашабашка айласы жок. Бирок, бир коом болуп жашоо али быша элек. Анүчүн бир идеология, бир кызыкчылык, жалпылык керек. Ага бийлик өтө эрктүү да максаты так, жолу
анык болуу керек. Айтмакчы, кыргыз коомунун белгиси чет жерде билинет, алыстан чуркап келип кучакташат. Нарындык, көлдүк,оштук же баткендик деп отурбайт. Көрдүңүзбү, анткени,
ал жерде башка шарт. Аларды биз кыргызбыз деген нерсе кучакташтырып жатат. Эми мына ушул нерсе анык максатка айланса кыргызстанда деле кучакташып саламдаша беришмек.

— Эми ушу бойдон толпа болуп кала беребизби, эмнедендир баштоо керек го?

— Туура, албетте кыймылдоо керек. Бирок, буга мамлекет, бийлик демилгечи болгону оң. Анткени, алардын колунда ошол эле элдин мандаты жана чоң мобилизациялык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бийлик алгач буга өзү кызыкдар экенин көргөзүү керек. Коомдук башкаруу институттарын киргизүү, аларга мамлекеттик институттарды тергөө укуктарын берүү, малекеттик башкарууга түздөн түз кийлигиштирип үйрөтүү зарыл. Бийликке жөн эле
жеөө үчүн эмес, элдин камын көрүүгө келгенине ошол элди ишендирүү зарыл.

Дин тууралуу

Динди түшүнгөндөр аны илимден жогору коюшат экен, түшүнбөгөндөр динди да илимге киргизип, жада калса өздөрү да чаташып калышат. Дин деген дегеле эмне, каадабы, салтпы, философиябы, же чын эл кудайдын мыйзамы, же саясий оюндагы болбогон бир комбинациябы?

— Чынын айтсам, менин дин жөнүндөгү түшүнүгүм адаттагы советтик идеологияда калыптанган. Христосту кудай дегенине ишенбейм…

— Христосту Кудай дегенине биз деле ишенбейбиз…

— Бирок, адам болгон соң кандайдыр акылга сыйбаган күч бар экенине ынанам. Антпесе дүйнө ыдырап кетмек. Буга жөн мисалдар толтура. Канча көпкөндөр көрөөрүн көрүп жатат. Жоош жашагандар бактылуу карылыгына жетишет дегендей. Дагы айтып кетчү нерсе – коомду албетте дин гана тарбиялайт. Бул руханий боштукту динден башка эч ким толтура албайт.
Керек болсо адепти деле азыр ата эне бере албай калды. Бирок, бул маселени алгач ар адам , анан мамлекет өтө кылдаттык менен кароо зарыл. Балталап зергерлик кылса эч нерсеге
ишенбегендер көбөйөт. Эл бир нерсеге ишенип жашаганы оң.

Аялдар тууралуу

Кайсыдыр бир лекциямда аялдар Ислам дининдеги аялдын укугу тууралуу сөз кылып берүүмдү өтүнүштү. Аудиторияда доскасы бар экен, бир бөлүгүнө аялдын 24 саатык жашоосун, экинчи бөлүгүнө эшектин бир күндүк жашоосун тариздеп жаздым. Алгач кээ бир аялдар, — бизди эшекке теңедиң демиш этип, теригишкендей болушту. Ананыраак ыйлай башташты, доскадан кимдин укугу бекемирээк экени көрүнүп турат эле. Чындыгында аялдардын бүгүнкүдөй кордолуусуна кимдер себепкер? Балким суроо татаалдыр…

— Эркек кандай адам болсо аял да ошондой эле адам. Экөөсүнүн укутары тең, жана ыйык. Бирок, тең укуктуулук дегени эркек ичсе ичип, ал мушташса мушташуу дегени эмес да. Мына бүгүн гендердик саясат деп аялдарды бийликке, ар кайсы мамлекеттик деңгээлдеги иштерге дайындап ташташты. Ал байкуштардын азыр көбү жалгыз бой калышты. Кайсыл эркек
паланчанын эри дегенге чыдасын. А тең укуктуулук, эркек бактылуу болсо аял да бактылуу болсун дегени. Ал эми эркек бактылуу болгон нерседе аял бактылуу боло албайт. Алардын
табигый, фунцияналдуу өзгөчөлүктөрү бар. Аял үй бүлөөсү, анын саламаттыгы менен бактылуу, эркек коом жана анын тынчтыгы менен бактылуу. Бирок, аялдын даражасы эркектен
бийик, анткени ал коомдун ячейкасын, түзүүчүсүн тарбиялап жатат. Кайсы чоң иштеги аял үй бүлөөсүнүн бактылуулугу менен мактана алат. Алар же чыныгы бакытты билбейт же эле өзүн
өзү алдап жатат.

Агай, аялдардын ушинтип, ролун алмаштырып алганына ким күнөөлүү?

— Бул иш үйдөн –энеден башталат, ата деген кетет тамак издеп…

Бирок, эркектердин деле чоң үлүшү болсо керек…

— Бир чети туура, менин эсиме бир нерсе түштү. Мен үйлөнөөр алдында бир жакшы окуган, коомдук иштердеги активистка кызды жактырып калдым, сүйлөшүп жүрдүк, убакыт жеткенде
шарт койдум –эгер мага бала төрөп, аларды карап, бүлөөмдү тикелесең үйлөнөм. Болбосо үйлөнбөйм деп. Ал макул болду. Баш коштук. Азыр байбичемдин – көз тийбесин бактылуулугун эч кимден көрө элекмин.

Агай, көрдүңүзбү, сиз шарт койгон турбайсызбы, демек, демилге эркекте болуп жатпайбы…

— Ал макул болбой деле койсо болот эле да, же кийин жок мен да сендей болом деп чыкса… менимче бул жерде баары бир эркектин да аялдын да функцияналдуу өзгөчөлүктөрүн үй бүлөө
гана, эне гана тарбиялап бере алат деп ойлойм. Антпесе бүгүнүкүдөй кимиси эркек, кимиси аял экенин билбей калат.

Бийлик тууралуу

Ар бир эл өз бийлигине татыктуу деген түшүнүккө мен да кошулам. Ошондон улам кыргыз ушундай эле адилеттүү бийликти самаса, алгач өзүн оңдосо болмокпу дейм. Анткени, азыр бизге Обаманы апкелсе деле бир жумадан кийин кыргыздан жездеси, анан кайнагасы табылып калышы мүмкүн да. Биз кыргызбыз да ээ агай, ошондон айтам, жакшы бийлик жакшы мээнет менен келсе керек, анан ошол бийликке доомат койсо жарашат го…

— Албетте, элдин оңолуусу зарыл, өзгөчө чечүүчү саясий кампанияларда шалаакылык кылып коюшат. Анткени, берген добуштарын коргоодон эринишеби же жөн эле натыйжасына
ишенбейби, айтор бул маселеде биздин эл терең уйкуда. Эң эле оңою бир күн чыга калып президентти кууп жиберсе болот экен деп калды. Ошонүчүн балким башкаларда бийликке башкаруу үчүн келсе, бизде жеш үчүн башкарат. Натыйжада эл башка альтернативалык жолду, системаны өзгөртүүнү билбей жатат.

Агай, а оппозициячы, алар системаны өзгөртөбүз деп жатпайбы?

— Эмне бийликке коммунисттер келеби экен, же халифат курулабы экен? Алардын системаны өзгөртүү дегени – бийликтеги бир тайпаны кетирип, экинчи тайпага алперебиз дегени. Кеп акырдагы жем туураалуу эле болуп жатат. Элди ойлогону жокко эсе. Антпесе, бирөө келип, жок дегенде мен бийликке келсем президенттикти жойом десинчи, келечекте өз бийлигинен ыктыярдуу баш тарта турган “акмакты” ким колдойт экен? Мына кеп ушунда.

Келечек тууралуу

Кыргыздын келечегин агай кандай элестетесиз?

— Албетте, баары жакшы болот. Биз кудай берген суунун башындабыз. Ылайым ошол убакытка чейин элибиз да бийлигибиз да бүт кеселдеринен арылса эле, келечек муундарга биз эң сонун жери бар, эң сонун элди өткөрүп бере алабыз.

Маегиңизге ыраазы болуп, Сизди урматтап калчу иниңиз

Интервью алган: КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист жана коомдук ишмер М.Арстанбек
Интервью «Асман-пресс» гезитинин 2009-жылдын 31-мартындагы санында жарык көргөн.

 

143 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *