3.АТА ТҮРК АЭРОПОРТУ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Ата Түрк аэропорту
Беш саат учуп, учак Стамбулдун «Ата Түрк хава лиманына» конду. Бул аба порту чынында дүйнөдөгү чоң аба аялдамаларынын бири. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген
элдин түрүн айтпа. Ар кимиси бар. Ушунун баарына чыдоо менен сыпайы мамиле кылганды билген түрк туугандарга ар сапар ыраазы боло берем. Аэропорттун бир бурчунда намазканасы бар. Бешим намазын окуганы ага кирдик.
Айтмакчы, ал намазканын кире беришинде балмуздак саткан чакан күркөө бар. Аны тейлеген түрк жигитин ар келгенде сүрөткө тартып кетем. Бул саам да ошентейин дедим эле, бирок эмнегедир аялдап атып өтүп кеттим. Ошентсе да көз учум салууга үлгүрдүм. Жигит бул сапар бир аз улгайып калгандай сезилди. Кантсе да убакыттын өзүнө таандык каардуу мыйзамдары бар да, чиркин. Бешимди окуп бүтүп, кийинки намазды да ушул эле жерден окуп алалы дедик да, Тыныстан экөөбүз намазкананын бир бурчуна отура кеттик. Көп өтпөй бир өзбек жигит келип алдыма отурду.
— Ака, кечирас, мен Масквадан учуб келүүдүм, хали ишим йок, карным жудаа очти. Бироон нарсангиз борми? -деп сурап калды.
Аялым жолдо жейсиң деп быштак каптап бышырып берген токочум бар эле. Алып чыгып бердим. Колумдагы термосумдан чай да куйуп алдына койдум. Байкуш чындап эле курсагы ач экен. Баарын жеп койду. Биздин деле курсагыбыз ач болчу, али эс учубузду жыйып, аны жегенге үлгүргөн эмеспиз. Көрсө менин кемпирим, ушул жигитке бышырган экен, бул токочтор анын ырыскысы тура. Мен аны атайы Бишкектен Стамбулга жеткирип
бергеним гана болбосо. Убакыт жетип учакка кайра отурдук. Учак абага көтөрүлдү жана эки сааттан соң Каирдин негизги аба аялдамасына конду.

61 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *