4.КАИРДИН АБА ДАРБАЗАСЫ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Каирдин аба дарбазасы
Каир аэропортунда да эл көп. Арасында ар кимиси бар. Орусу да, негири да иши кылып баары бар. Аэропорттун чек ара кызматы жүргүнчүлөрдү тез эле тейлейт экен. Бирок бизге окшоп электрондук виза менен киргендерди аягына чогултуп бир карайбы, же сакалыбыздан күмөн санаштыбы, айтор бизди эки сааттан ашык кармап, аягында атайын кызматтарынан бирөө келип, сапарыбыздын максатын, аны-муну сурап анан атайын виза сатып алууга уруксат берди. Анысы жыйырма беш доллар экен. Айтмакчы, Мисрдин акчасы жунай деп аталат экен. Аны жергиликтүү эл гиней дейт. Курсу боюнча бир доллар жети чем-то гиней турат. Кыргыз пулуна которгондо бир гиней
сегиз сомго туура келет. Ошентип, биздин визага печет басылып, Мисрге кирүүгө урусат берилди.
Сыртта Мисрде билим алып жаткан жигиттерден экөө күтүп турушкан экен. Алар дароо эле бизди телефондоруна сүрөткө тартышып киришти. Саламдашып, амандашып тааныштык. Бири Бакыт, Азхар университетинин Шариат факультетин бүтүрүп жатат. Ал ошондой эле Искандарияда (Александрия) билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин шайланган амири экен. Чынында бул өтө оор түйшүк экенин алдыда дагы
сөз кылабыз. Ал эми экинчиси, жайдары мүнөз, үнү да, сыпаты да сылык келген Мухаммад деген жигит экен. Алар дароо жүктөрүбүздү колдон алып, таксиге жүктөшүп, Искандарияны
көздөй зуу койдук. Каир менен ошентип, али жакшы таанышпай эле, Мисрдин төрүнө өтүп кеттик.

46 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *