5.САЛАМ, ИСКАНДАРИЯ!



Искандарияга түндө жеттик. Чарчаган окшойм, жолдо уктап бардым. Кантип жеткенибизди билген жокмун. Көзүмдү ачсам караңгы көчөдөгү жалгыз чыракты көрдүм. Анан өтө бийик кабаттуу үй. Көчө тар. Балдар кирели дешти. Атайын бизге камдалган батирге көтөрүлдүк. Шатысы да тар экен. Бөлмөгө киргенде гана жарык уйкумду толук ачты көрүнөт. Бизди Асылбек жана Кенжебек аттуу студенттер күтүп отурушкан экен. Кыргызстанды аябай сагынышыптыр, ысык саламдашышты. Аңгыча дасторкон да салынды, ага атаы бизге камдаган тамактары заматта коюлду. Чай сунулду. Бышып калган тамагын куюп келишти. Анан калганын эртең сүйлөшмөй болуп, уйкуга кирдик. Кадимки эле Кыргызстандагыдай. Болгону абасы кыш болгонуна карабай ысык. Айтмакчы, биз бул эки студент менен чогуу турат экенбиз.

                                                                * * *

Эртеси терезенин түбүнөн катуу чыккан азандан ойгондум. Көрсө биздин үйдүн биринчи кабатында чакан мечит бар экен. Багымдатты ал жерден жамаат менен окудук. Жамааты да чакан. Кийинчерээк мен ушул мечитте окулган ар намаздан соң периштелер менен саламдашкандай болоор элем. Анткени анын жамаатынын өз ара мамилеси периштелердин мамилесине окшоп кетчү. Бири-бирине өтө сыпайы, мухабаттуу мамиле кылышат. Алардан бир туугандык айоо, сый сезилип турат. Жамаат мага аябай кызыгып, сөзгө тартышты эле, мен арабча анчейин сүйлөшө албай, башында түзүк баарлаша албадык. Бирок кийин бир аз тил үйрөнүп, аларга өз мекеним жөнүндө айтып берип жүрдүм. Мындай мечиттер Искандарияда дээрлик ар бир имаратында табылат. Бурч сайын мечит.
Намаз убактысы келгенде бүт шаар заматта азанга бөлөнөт. Бирок кээ бир мечитерде намаз он-он беш мүнөт кеч башталганын да байкадым. Көрсө алар атайы намазга кечигип
калгандар үчүн экен. Мен келгенден бери бир да намазды жамааттан калбай окуп аттым эле, бир күнү уктап калыптырмын. Ошол мечитке жетип, өзүмө окшогондордун жамаатында окудум.

 

 

 

170 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *