6.ПАСПОРТ КАТТОО



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Паспорт каттоо
Искандариянын түндүк чеги Жер Ортолук деңизинин жээги менен бүтөт жана аны бойлогон чоң даңгыр жолдо машине толо. Каякты караба баш айланткан көчө кыймылы. Бизде майрам күндөрү ушундай тыгын болот. Кыжыган унаанын зуулдаган кыймылын тоотуп койбогон жөө элдин кыймылы да шаар нугуна ого эле шар берет. Жээк кооз. Кол узатсаң деңизге тийчүдөй. Анын толкуну төшөлгөн жибектей желбирейт. Элдин арасында деңизге кайырмак салып, буркан шаар жашоосун унутуп калган
балыкчылары да бар. Бир канча чакырымдан соң мигранттарды каттоо мекемесине жеттик. Эл жык. Кезек менен паспортко мөөр бастырып, азырынча үч айга уруксат алып кайттык. Айтмакчы, бул мекемеде Сирия жана Ливиядан бүтүндөй үй-бүлөөсү менен көчүп келгендер көп.

203 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *