7.МАРКАЗ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Марказ
Адатта, араб дүйнөсүндөгү жашоо араб тилин үйрөнүүдөн башталат. Башка жерде англис же орус тили менен деле күн көрсө болот. Бирок Ислам динин жана ага тиешелүү илимдерди араб тилинен бөтөнчө үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Мен да эң алды тил үйрөтүүчү окуу борборлорунун бирине баш бактым.
Кабылдамада отурган сакалчан жигит колума тест барактарын карматып, ушундагы суроолорго жооп бергениме карап, тиги же бул деңгээлдеги курстарга бөлөөрүн айтты. Суроолорго жооп бердим, кудайга шүгүр биринчи курска отурдум. «Нөлөвойлор» да бар экен. Айтмакчы, бул жигит дагестандык экен жана орусча кадимкидей эле сүйлөгөнүн кийин билдим. Орусча сүйлөгөнүн укмайынча араб деп ойлопмун. Мен ошондой эле жеке жана тез сабактарга отурдум. Устаз Махмуд өтө жоопкер, сабагын
мүнөтүнө чейин тартиптеген чебер мугалим экен. Андан жумасына беш күн эки сааттан сабак алам. Бир ай өтпөй натыйжа билине баштады. Ал эми экинчиси сабакты балдар
менен окуйм. Ал жер да кызык. Биздин топто — мен кыргыз, эки казак, бир өзбек жана бир тажик болуп бешөөбүз окуйбуз. Сүйлөшкөнүбүз укмуш. Өзбек жигит Чимкенттен болгондуктан, өзүнүн тилинен башка казакча көп билбесе да бир аз сүйлөйт. Казактын бири Оренбургдан жана орусча гана билет. Экинчи казак Алтайдан жана ал да казакча аз эле билет. Тажик жигит тажикче гана билет. Анан бизге сабак берген устаз арабча гана билет. Биздин сүйлөшкөнүбүздү көргөндөр гана түшүнөт. Мугалим айтканын кээде түшүнбөй калсак, өз ара күжүлдөп киребиз. Мен өзбөккө түшүндүрөм. Аны уккан казак шеригине орусча түшүндүрөт. Бирок тажикке кыйын. Ага Аллахтан башка эч ким түшүндүрө албайт. Аллахтын жардамы менен устаздын бизге кантип түшүндүрүп жатканына таң калып да жүрдүм. Устаз Мухаммад Хиндовий жаш жана элпек жигит. Кээде
грамматикалык татаал көнүгүүлөрдү да түшүндүрөт. Ал да биздин тилдеги сөздөрдү угуп отуруп, бир аз аңдап, кээки сөздөрдү орусча айтып да бере турган болду. «Орустан үйлөнөм, мага алардын көк көзү жагат» — дейт. Айтмакчы, жогорудагы казактын бири жашы жетимишке жакындап калган аксакал. «Сиз менен сүрөткө түшүп, элге көрсөтөйүн. Менден өткөн карылар деле бар экенин жердештерим көрсүн» — десем, «Сүрөткө түшкөн харам» — деп болбой аткан, бирок кийин
баары бир тарттым. Абдукарим аксакал кыш болгонуна карабай күнүгө эки маал деңизге түшөт. Бир жолу мени да алып барды. Суук, бирок уялганыман түштүм. Укмуш. Чынында укмуш. Эртеси мен бүт балдарды алып бардым. Иши кылып, кыргызга бир нерсе көрсөтпө… Араб тили өтө чоң мухит. Андагы кооздукту калбым менен туям, бирок кол узатсам көзүм караңгы, колум жетпейт. Өжөрлөнүп, өткөн сабактарды күндө бир нече ирет кайталайм. Мурдатан неге ушинтип ынтызарланбаганыма ичим тызылдайт. Араб тилине мен буга чейин деле бир канча жолу киришкем. Бирок ар кандай себептер менен токтоп кала берген. Өзгөчө, бир эки жолу арабча билгендер: «Сага кеч болуп калды» — дегендери да менин шагымды сындырган. А чынында өжөрлүк менен бел байласа үйрөнбөгөн тил калабы.

171 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *