8.БАЛДАР



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Балдар
Искандарияда элүүгө жакын кыргыз балдар билим алат экен. Алардын дээрлик көбү бойдоктор, он чактысы гана бүлөөлүү. Бирөөсүнүн эки бүлөөсү бар экен. Жубайлары да билим алышат. Балдары да дээрлик баары араб тилин үйрөнүп, Куран жаттоо менен алек. Студенттер өз ара өтө ынтымак. Өздөрү шайлаган амирине кыңк этпей баш ийишет жана ал да өз кезегинде балдар үчүн үзүлүп түшүп кызмат кылганы көрүнүп турат. Кээ бир чокчоңдоп, ээн баштык кылгандарын дароо адепке чакырып коюшат экен. Бири-биринин үйлөрүн билишет, тыгыз катташат. Бош убактылары дээрлик жок. Ошого карабай, чоң курстагылар жаңы келгендер үчүн тил, Шариат, адеп боюнча кошумча сабактарды беришет. Эки жумада бир баары чогулуп, арасынан атайын дайындалган бирөө кутба өткөрүп турат. Ал эми бир айда бир жолу кооз парктардын бирине чогулуп, кечке футбол ойноп, деңиз жээктеп эс алышат. Мен да ошондой чогулушка туш болдум. Эки казан аш апкелишиптир, даамы кадимки Бишкектин очогунда бышкандай.

45 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *