9.ПАРКТАГЫ ЭС АЛУУ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Парктагы эс алуу
Бир күнү адат болгондой кыргыздар паркка эс алууга чогулушту. Мени да чакырышты жана мени ал жакка Умар аттуу жердеш жетелеп жөнөдү. Анын төрт уулу бар экен. Улуусу быйыл үчүнчү класста окуп жатыптыр. Анын уулдарын кошо жетелешип, паркка бардык. Жигиттер эбактан бери футбол ойноп жатыптыр. Парк аябай кооз. Ал илгери шахтын сарайы болгон экен. Кирүү үчүн белет сатып алдык. Анан жигиттер менен деңиз жээгине
бастык. Канткенде да деңиздин өзүнө жараша сүрү бар. Толкуну улам жээк жерип, зоболосу сезилет. Бир кезде баары тамакка чакырылдык. Узунунан салынган дасторконго табактарда үйдөн
бышырылып келген палоо узатылды. Чынын айтсам мен бул палоонун айылда тойлордо тартылган аштан айырмасын сезбедим. Өтө даамдуу болгон экен, заматта алдымдагы
табак шыпырылды. Балдар менен бир аз сүйлөшүп отурдук, анан тарадык. Бул жерде чынында калем кармаганы (компьютерге отурганы) убакыт жок. Үйдөгүлөр менен да жума күндөрү гана сүйлөшөм. Интернетке такыр жолобос болдум. Ошентсе да, үйдөн шашылыш кабар болуп калбасын деп (атам ооруп жаткан) бир күндө бир маал кирип, почтому анан байланыштагы каражаттарды гана барактап койом. Анда да тартып кеткени калганда дароо качып чыгам.

471 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *