30. УМРА ЖАНА АЖЫЛЫК. ЖОЛГО АТТАНУУ



Мадинага бөлүнгөн убакыт да аяктап, алдыда Меккеге аттануу турат. Ажылар түнү пайгамбарыбыздын мечитине барышып, таң атканча намаз окушуп, пайгамбарыбыз менен коштошуп, анан багымдат намазынан соң мейканага кайтышкан. Арасында өпкөлөп ыйлагандар да көп. Кээ бирлер үчүн бул пайгамбарыбыздын мечитиндеги акыркы намазыдыр.

Мейманканада ажыларды Меккеге жеткирчү автобустар таң эртеден күтүп турушкан. Аларды атайын ажыларды тейлөө үчүн Сауд өкмөтү бөлүп берген. Бул автобустар жыл өткөн сайын жаңыланып турат. Бул жылы ажылар үчүн эки кабаттуу кең автобустар каралыптыр. Ал эми аларды айдоо үчүн ар кайсы өлкөдөн келген айдоочулар кабыл алынат.

Ажылык маалында Мадина менен Меккеге ушундай автобустар толуп кетет. Ажы башчылардын көрсөтмөсү менен ажылар топ-топ болуп өзүнө тиешелүү автобустардан орун алып, жайгаша башташты. Алардын  жүктөрүн атайын жүк ташыган кызматкерлер автобустардын үстүнө жүктөштү. Автобустардын салону кенен, отургучтары жумшак. Ар бир отургучтун төбөсүндө китеп окугандар үчүн жарыгы жана шамал желдеткичи да каралган. Маңдайына чакан үстөлү да түшөт. Каалагандар отургучтарын чалкалатып жатып алса да ыңгайлуу. Белгиленген убакытта ажы башчылардын белгиси менен автобустар эшиктерин жаап ордуларынан жылышты. Ээрчишип айдаганда созулган жыландай көрүнгөн автобустар шаардын көчөлөрүнүн буйтап отуруп тез эле даңгыр жолго чыкты.

Көп өтпөй Мадина артта калды. Шаардан чыккан жол жанар тоолордун күл талаасы аркылуу салыныптыр. Арабдар бул күлдү курулушка иштеткенди жолго койгон жана мурда шаарды чеңгелдеп турган күл талаанын чеги азайып, барган сайын анын ордуна заманбап курулуштар тикелене баштаптыр. Арылаган сайын чоң соко менен айдалган тоңдурмага окшогон, чоңдугу койдой келген күл кесектери дагеле көрүнүп турат. Ал кесектер шамалга ышкалып олтуруп, арсайган тиштерге окшоп калган. Ошого карабай, какыраган кара талааны жарып өткөн жолдун эки чети өзгөчө кооздолгон. Бир канча катар курма дарактары отургузулган. Ар бир дарактын түбүнө ноо менен суу
жеткирилген. Кез-кезде кеңдиги 20-25 метр болгон жашыл чөптүү тилкелер да жолугат. Ал жерде бала-бакырасы менен сайрандаганы чыккан шаарлыктарды көрсө болот.

Жанар тоонун күлүн тазалап, анан аны бакка айландырган араб, биздин Аллах берген көк шибердүү, арыгында аккан суу азык болгон жерден келгенибизди билди бекен? Алар Аллахтын бул дүйнөдөгү Бейиши болгон жерде жашаган элдин арасында али да Кудайын таныбагандар бар экенин укса ишенээр бекен? Автобустар заматта шаардан он чакырымдай аралыктагы Зуль-Хулайфа айылына жетип келди. Жол боюндагы кызыл кыштан салынган чоң мечиттин бийик мунарасы алыстан эле көрүндү.

Пайгамбарыбыз ажылыкка аттанганда сахабалары менен ушул жерде ихрамга кирген жана андан көп өтпөй ушул жерге мийкат мечити салынган. Арадан убакыт өтүп бул мечит бир канча жолу жаңыланган жана азыркы мечит мийкат талаптарына толук жооп бергидей жогорку сапатта салынган. Зуль-Хулайфа мийкаты ажыга чыккан Мадиналыктарга жана түндүктөн келгендер үчүн каралган.

 

 

 

183 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *