31. МИЙКАТ



Мийкат – атайы ажылык же умраны ниет кылып, сапарга аттанган мусулмандардын Меккеге кирээр алдында ихрамга кирүү чеги. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Мийкаттар ал жердин тургундары, башка жактан келе жатып, жолунан мийкаттар чыккан ажылар үчүн» — деп, өзү беш мийкаттын ордун көрсөтүп жана белгилеп берген.

Зуль-Хулайфа мийкаты – Мадина шаарынан жана түндүк тараптан келген ажылар үчүн каралган. Азыркы аты «Абйар» жана бул мийкат Мадина шаарынан чыга бериште, б.а. Меккеден 450 чакырым аралыкка жайгашкан;

Жухфа мийкаты – илгерки Шамдан, Египет, Марокко жана батыш тараптан келген ажылар үчүн каралган. Бул мийкат Рабиг өрөөнүнө, Меккеден 183 чакырым аралыкка жайгашкан;

Карнуль-Маназиль мийкаты – Нэжжден жана чыгыш тараптан келгендер үчүн каралган. Бул мийкат Меккеден 75 чакырым аралыктан Ас-Сейл аль-Кабир айылына жайгашкан;

Яламлам мийкаты – Йеменден жана ал тараптан келген ажыларга каралган. Ал жайгашкан Ас-Саадия жергеси Меккеден 92 чакырым аралыкта;

Зату Ирк мийкаты – Ирак жана ал тараптан келген ажылар үчүн каралып, Меккеден 94 чакырым аралыкка жайгашкан.

Бүгүн ал мийкаттар толугу менен ихрамга кирүүгө ылайыкталган. Ал мийкаттар ошондой эле ихрам сатып алуучу дүкөндөр, мончолор жана мечиттер менен жабдылган. Ажылар мийкаттан байкабай же башка себептер менен өтүп кетсе, кайра кайтып, сөзсүз мийкаттан ихрамга кирүүсү зарыл. Антпесе, бир жандык союп, этин колу жука меккеликтерге таратып берүү айыбын тартат. Айтмакчы, меккеликтер ажылык үчүн үйлөрүнөн эле, ал эми умра үчүн атайын каралган Танъим мийкатынан ихрамга киришет. Ошондой эле Меккенин тегерегиндеги шаар же кыштактардын тургундары да ажыга жана умрага үйлөрүнөн эле ихрамга кирсе болот. Мийкатта ажыга аттангандар оболу гусулканага киришет жана ал жерде кол жана бут тырмактарын алып, мурутун тегиздеп, колтук жана киндик астындагы түктөрүн кырат жана толугу менен эрежеге ылайык гусул алат. Соң денесине атыр сээп, жыпарларды сүртөт. Аялдар атыр жана жыпарларды башкалардын назарын бурбагандай себинүүсү зарыл.

Айтмакчы, атыр жана жыпарлар ихрам кездемелерине себилбейт. Анан: «Лаббайка умратан мутааттиан бика илаль хажж» — деп, умра менен ажылыктын ортосунда ихрамдан бошонуу ниети менен эки эки бөлүктөн турган ихрам кезедемелерине оронот.

Эркектердин үстүндө бир да тигилген кийими болбошу керек. Бир сөз менен айтканда эркек өзүн тирүүлөй кепиндейт. Соң мийкаттын мечитине барып, эки рэкет намаз окуп, дуба кылат. Ал эми аялдар өз кийиминде эле ихрам абалына кире алышат.

 

 

 

171 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *