31. ИХРАМ



Ихрам эки маанини туюнтат. Биринчиси – ажыга же умрага ниеттенген эркек мусулман орончу ар биринин узун-туурасы 1,5-2.0 метрдей келген, эки бөлүктөн турган кездеменин аталышы. Үстүнө жамынганын – рида, ал эми белден ылдый оронгонун – изар дейт.

Ихрам кездемеси адатта түсү ак жана пахтадан токулат. Азыр Кытайдын, Туркиянын, Индиянын жана Пакистандын текстиль өндүрүшү ылайыктуу ихрамдарды чыгарат.

Аялдарга атайын ихрам кездемеси каралган эмес жана алардын сапарга жана ысыкка ылайыкталган, адаттагы кирчимел кийимдери ихрам ордуна өтө берет. Бирок ихрамга кирген аял паранжы, никаб жана кол кап кийбейт, башкалардын назарын буруучу кооздуктарды такпайт.

Ихрамдын экинчи мааниси – ажыга же умрага ниеттенген мусулмандын ихрам кездемесине оронгондон баштап, андан чыкканга чейинки тыйуу салынган абалы. Муну харам чегине киргендеги абал десе да болот.

Шариатта ихрам абалындагы мусулманга:

• Чач жана тырмак алууга (өз алдынча түшүп же сынып калса жоопкерчилик жок);
• Дене жана ихрам кездемесине атыр себип, жыпар сүртүүгө (ихрамда бирөөдөн жуккан жыттарга жооп берилбейт. Аны жууп койгон жакшы);
• Эркек-аял дебей харам чегинде мергенчилик кылууга, мергенге жардам берүүгө;
• Эркек-аял дебей харамдын чегинде кандай гана дарак болбосун сындырууга, чөптөрдү орууга, жулууга;
• Эркек-аял дебей (ихрамдан сырт абалда да) бирөөлөрдүн жоготкон акчаларын, алтын ж.б. зергер, ж.б. буюмдарын алууга (ээлерине жеткирүү же табылганы жарыялоо үчүн алууга жоопкерчилик жок);
• Никелешүүгө, өзү жана башкалар үчүн кудалашууга жана жуучулукка;
• Никесиндеги жубайы менен жыныстык катнашка;
• Эркектерге баш кийим же башка нерсе жабууга (унутуп кийип алганга айып жок);
• Эркектерге тигилүү кийим кийүүгө;
• Аялдарга паранжа, никаб жана кол кап кийүүгө тыйуу салынат.

 

Ошондой эле ихрам абалында төмөнкүлөргө уруксат берилет:

• Кол саат тагууга;
• Кулакка угуучу ж.б. аудио аппаратарды тагууга;
• Шакек кийүүгө;
• Тигилбеген сандаль кийүүгө;
• Көз айнек тагууга;
• Кол чатыр көтөрүүгө;
• Унаалардын, имараттардын көлөкөсүндө турууга;
• Чатырга отурууга;
• Башына бүктөлгөн төшөнчү ж.б. жүк көтөрүүгө;
• Жаратын таңууга;
• Ихрамын башка ихрамга алмаштырууга;
• Кирдеген ихрамын жууга;
• Аялдарга жоолугунун учу менен жүзүн башка эркектерден жабууга;
• Денесин толук жана бөлүп жууганы уруксат берилет. Бирок чачын тарак менен тараганга уруксат жок.

 

 

216 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *