33. МЕККЕ МЕНЕН САЛАМДАШУУ



Убакыт зуулдап өтөт. А дегенче эле ажылар Меккеге да кирип келишти. Алар «лаббайкасын» дагеле токтотушкан жок. Бирок көздөрүн шаардын көчөлөрүнөн албайт. Ары жакта дарядай агылган ак түс.Көздүн жоосун алат, сүрдөтөт, жүрөктү оолуктурат.Ак ихрамга оронгон жүз миңдеген адам кылдылдап турат. Баарынын мүдөөсү да, ою да бир.

Автобус белгиленген мейманкананын алдына келип токтоду. Ал жерде да кыргыз студенттери күтүп турушуптур, жылуу тосуп алышты. Ажы башчылар өз топторун автобустан түшүрүп, өзүнчө чогултуп жатышты. Бул арада жүк ташыгандар ажылардын жүктөрүн автобустардын үстүнөн түшүргөнү үлгүрүштү. Анан ар бир ажы мейманканадан орун алып, кайра эле тез чыртка чыгарылды. Анткени, эреже боюнча Каабаны зыярат кылганы негизги мечитке, Масжидуль-Харамга баруу зарыл эле. Бул күндөрү Мекке «лаббайкага» толот.

Биздин ажылар да «лаббайкасын» токтотушкан жок. Ажылар топ тобу менен таксилерди тосуп, араб тилин билгендер дароо эле соодалаша коюп, унаага батышынча отурушат. Кээде кадимки эле жеңил унаага ондон ашык адам баткан учурлары да болот. Меккедеги унаанын баары ажылык маалында маяна табуу үчүн четтен келген мигранттардын колунда. Алардын көбү арабча билбейт жана болгону эки үч гана даректи  таба алат. Биринчи көргөн адам аларды оболу араб деп ойлойт. Кийин гана убакыт өтүп, анын Пакистандан же Бангладештен келгенин аңдай баштайт. Мейманкана анчейин алыс болбогондуктан ажылар негизги мечитке бат эле жетишти. тагыраак айтканда унаалар ал мечитке такап бара алышпайт жана андан жүздөгөн метр алыска токтотушат. Анан ажылар агылып жаткан элге кошулуп, нук менен кошо Бейиш дарбазасын көздөй жол тартат.

 

 

 

200 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *