34. МАСЖИДУЛЬ-ХАРАМ



Масжидуль-Харам дүйнөдөгү эң ири мечит жана ал алгач хижраттын 16-жылы (638-ж.) курулган. Кийинчерээк ал ар кайсы доорлордо кеңейтилип салына берген.

Хижраттын 948-жылы (1570-ж.) бул мечиттин алты мунарасы болгон. Кийинчерээк, Стамбулдагы Көгүлтүр мечитке да алты мунара салынганда Меккенин имамы Каабага дүйнөдө эч нерсе окшобосун айтып, султан Ахмад Масжидуль-Харамга жетинчи мунараны салууну буюрган. Масжидуль-Харам тарыхында көп эле жолу кеңейтилген жана акыркы кылымдардагы кеңейтүүлөр гана анын аянтын, архитектуралык өзгөлөлүгүн алдыга чыгара алган. Ошондуктан көбүнесе акыркы кеңейтүүлөр тууралуу кеп кылган орундуу болот. 1925-жылы падыша Абдуль-Азиз ибн Абдурахмандын бийлигинде бул мечит жаңы архитектуралык чечимге ылайык кеңейтилген. 1953-жылы ага алгач электр жарыгы берилип, желдеткичтер орнотулган. Сауд VI Фейсал жана Халидтин учурунда Каабанын тегеректеген мечиттин аянты 193000 чарчы метрге жетип, 400 миң адамды батыра алган. Падыша Фахдтын доорунда мечиттин өрт өчүрүү, желдеткич жана жамгыр сууларын агызуу каражаттары жаңыланып, кошумча курулуштар менен мечиттин аянты 356000 чарчы метрге жетип, 600 миң адамды батырып калган.

Хижраттын 1357-жылы (20-ноябрь, 1979-ж.) падышалык режимге, анын АКШ менен болгон мамилесине, мунай затынын батышка сатылып жатканына, каптап кирип келе жаткан бузукулукка нааразы болгон Жухайман Утайба жана Мухаммад Кахтанийлер жетектеген топ таңкы намазда Масжидуль-Харамды колго алып, бийликке АКШнын көз карандылыгынан бошонуу шартын коюшкан. Буга алдастай түшкөн бийлик, козголоңчуларды мечиттен алгач курал менен кууп чыгарууга аракеттишкен. Бир жумага жакын атышуулар болуп, бул окуя тууралуу маалымат дүйнөнөгө чагылгандай тараган. Акыры айласы кеткенде бийлик француз аскерлерининен кеңешчилерди жардамга алдырып, алардын жардамында Харамдын ичине суу агызылган жана ага электр тогу берилип, көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү токко урунуп өлгөн. Калгандарын газ менен уулап колго түшүрүп, тирүү калгандардын эл көзүнчө баштарын алдырган.

Хижраттын 1375-жылы (2007-ж.) падыша Абдулла ибн Абдуль-Азиздин буйругу менен Масжидуль-Харамдын кайра куруу иштери башталган. Анын жүрүшүндө мечит ичине 1,12 млн, сыртына 2,5 млн адам баткыдай болуп, 400 000 чарчы метрге чейин кеңейтилген. Дагы эки мунара кошулуп, падыша Абдулла атындагы жаңы дарбаза орнотулган. Курулуштун жалпы баасы 10,6 млрд долларга түшкөн. Азыр анын жанына дүйнөдөгү эң ири асман тиреген Абражуль-Байт аттуу имарат курулуп ишке берилген.

Хижраттын 1358-жылы (1980-ж.) анын түштүк-батыш тарабына эки мунаралуу чоң имарат уланып, ага падыша Фахд атындагы эң чоң дарбаза орнотулган. Ошентип, Масжидуль-Харам зор өзгөрүүлөргө негизинен XX кылымда дуушар болгон. Азыр мечиттин жалпы аянты 357 000 чачы метр, бийиктиги 95 метрден келген тогуз мунарасы бар, 4 дарбаза, 44 эшиги бар. 500дөн ашуун мрамор устундары бар, 7 эскалатор иштейт. Аба кондиционерлер менен желдетилет. Ичине 800 000 миңге жакын адам батат.

2007-жылы бул мечитти дагы кеңейтүү үчүн дагы жаңы долбоор бекитилген. Ага ылайык эми мечитке жалпысынан 1,6 млн адам батышы каралган. Ал эми Каабаны саатына 130 миң ажы тооп кыла ала тургандай кылып, анын чеги дагы 50 метр аралыкка жылдырылмакчы. Айтмакчы, буга чейин бул чек 20 метр келип, 52 миң адам тооп кыла алган.

 

 

 

186 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *