39. МЕККЕ ЖАНА КААБА КУРАЙШ УРУУСУНУН ТЕЙЛӨӨСҮНӨ ӨТТҮ



Бул доордо Кааба шаардын борбору деп эсептелип калган. Анын эки тарабынан эки өзөн өткөн жана шаардын негизги эки көчөсү ал өзөндөрдү бойлоп чыйырланган. Кийинчерээк Каабанын алдына базар түшкөн. Алгач үйлөр ылай менен кыналган таштардан төгөрөктөлүп салынган.

Шаарда болгону саналуу гана кудук иштеген1)530–540-жылдары Абдуль-Мутталиб кайра казган Замзам булагына чейин.. Кусайй атасынан эрте ажырап, энеси кайра турмушка чыгып, Шам тарапка көчүшөт. Кусайй бойго жетип, Меккеге Хузаа уруусунан Халиль ибн Хабшанын башкармалыгында кайтат жана анын Хубба аттуу кызына үйлөнөт. Халил көз жумган соң анын бийлиги Кусаййга өтөт. Бирок буга нараазы болгон Хузаа менен бийлик талашы чыгат2)Б.з. V-кылымында т.а. 440-жылы.. Натыйжада Кусайй Каабанын кароочусу, анын эшигин ачуучусу, желектин ээси, ажыларды сикайа3)Курма, мейиз ширеси жана рифада4)Бекер тамак  менен сыйлоочу кызматтарын ээлеп, Меккенин да башкаруучусу болуп калат.

Кусайй эң оболу уруулаштарын Меккенин ичине, ал эми Тихаамада отурукташкан, буга чейин өз ара байланышы жокко эсе Кинаана урууларын Меккенин тегерегине отургузат. Көп өтпөй Каабанын түндүк жагына Курайштардын «Чогулуш үйүн» (дДар ан-надва) негиздейт. Барган сайын Курайштардын өз ара байланышы күчөп, араб чөлкөмүндө мертебеси көтөрүлөт. Айтмакчы, Курайштар негизинен адам түспөлүндөгү, жамгырдын жана чагылгандын өкүмдары делген, Каабанын борборуна орнотулган Хубалга сыйынышкан. Анын бир колу сынып калганда аны алтындан жасатып, жаматышкан.

Кусаййдан соң Каабаны анын уулу Абд Манафка тейлеген. Анын да көзү өткөн соң, бүт кызматтар бөлүнүп, Каабанын ачкычы Абдуд-Дардын, ал эми ажыларды тейлөө Хашимдин урпактарына таандык болуп калган. Курайштар Каабаны тейлегени үчүн Араб жарым аралында диний лидер катары таанылган жана ээлеген ордун бекемдөө үчүн кез-кези менен диний жөрөлгөлөргө жаңылыктарды да киргизип турган. Барган сайын алар өздөрүн өзгөчө катмар же ыйык шаар тургундары катары хумс — бекем диндарлар деп жарыялашкан жана Каабадан башка жерлерди зыярат кылуудан баш тартышкан.

Натыйжада, алар ажылык менен умранын Арафатта туруу, Муздалифага түнөп, курмандык чалуу сымал негизги жөрөлгөлөрүн аткарышпай да калышкан. Аны менен катар алар Каабага тиешелүү ибадаттарга да Каабаны хумстардын кийиминде гана, аны таппаса жылаңач тооп кылуу, ажыдан кайтканда үйлөрүнө там аркасынан тешип кирүү ж.б. ушул сымал олутуу жаңылыктарды киргизишкен.

 

 

 

169 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент

Шилтеме   [ + ]

1. 530–540-жылдары Абдуль-Мутталиб кайра казган Замзам булагына чейин.
2. Б.з. V-кылымында т.а. 440-жылы.
3. Курма, мейиз ширеси
4. Бекер тамак



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *