61. ДУБА ТУУРАЛУУ



Дуба мусулмандын ибадатынын жарымы. Мусулман дубасынын кабыл болуусу менен өзгөчөлөнөт жана дуба анын негизги куралы да, Аллах менен болгон байланыш каражаты да болуп эсептелет.

Аллах: «Мага дуба кылып кайрылгыла жана Мен силердин дубаңарга жооп беремин. Чындыгында, Мага кулдук кылбай калганча бой көтөргөндөр Тозокко кемсинип киришет» — дейт. Аллах Куранда дагы: «Эгер сенден кулдарым Мен тууралуу сурашса – чындыгында, Мен аларга жакынмын жана кайрылгандын дубасына жооп кайтарам. Алар да Мага жооп кайтарышсын, Мага ишенишсин, балким алар туура жолго түшөөр» — деген.

Ал эми пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Дуба – бул ибадат» — деген. Ал дагы бир жерде: «Чындыгында, Аллах уялчаак жана Берешен. Ал колун жайып сураган пендесинин алаканын куру түшүргөндөн уялат» — деген. Дагы бир хадисте анын: «Аллах тууганчылыгын үзбөгөн жана күнөө болбогонду сураганга үчөөнүн бири менен жооп берет. Ал анын дубасын ушул жашоодо кабыл кылып орундатат. Же акыретте берет, же анын сообуна тете балээни андан алып салат» — дегени да белгилүү.

Мусулман дубасынын кабыл болуусу үчүн өзүн өтө тыкан жана Шариат талаптары менен кармайт. Шариат менен жашаган мусулман Аллахка ар абалда, жакшылыкта жана жамандыкта да, ар таза жерде жана ар маалда дуба кыла алат. Андан тышкары дубанын кабыл болуусунун бир катар шарттары да бар. Эң оболу мусулман дубасында калыс болуусу зарыл. Тагыраак айтканда анын дубасы Аллахка гана багытталуусу керек. Дуба Аллахка гана кылынат, Андан башка эч кимге, эч бир затка кылынбайт. Аллахка ортомчулук үчүнда эч кайсы затка карылууга уруксат жок. Ислам дини мындай дубаны ширк дейт жана бул дуба Аллах кечирбеген күнөөгө кирет. Анан мусулман дубасынын шексиз кабыл болуусуна, жоопсуз калбоосуна кынтыксыз ишенүүсү зарыл.

Андан тышкары да дуба кылуунун да өзүнө жараша адептери бар. Көркөм дуба мусулман кооздугу. Дубага ниет кылган мусулман даарат жана гусул менен отурганы жакшы. Анын үстүнө дуба кылуучунун жегени, ичкени жана кийгени адалдан болуусу зарыл. Анан ал каерде болбосун мүмкүнчүлүгү болсо кыбылага жүздөнүү зарыл. Дуба кылуучу оболу Аллахка мактоолор, соң пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга салаваттар айтып, анан гана колдорун асманга көтөрүп, алакандарын жайып, негизги кайрылуусуна өткөнү туура. Анан да дубанын соңунда да пайгамбарыбызга салаваттар айткан дубанын кабыл болуусун тездетет.

Дубада кыйкыруу туура эмес, үндү коңур кармап, тегиз чыгарган адептен. Дубада алгачАллахтын Кечирүүчү жана Ырайымдуулук ат-сыпаттары менен күнөөлөргө кечирим суралат. Мусулман дубада оболу өзүнө анан калгандарга (жакындыгына карап) сурайт. Мусулман дубасын көктүк менен сурануу зарыл. Дубасында көгөрүү жана анын туруктуулугу да дубанын кабыл болуусуна өбөлгө түзөт. Дубаны үч жолудан кайталап айткан жакшы. Мусулман Аллахка өзүн, үй-бүлөөсун, малы-мүлкүн каргап, жаза же өлүм тилеп дуба кылбайт. Аллахтан күнөө, тууганчылыкты үзгөн жана арам суралбайт.

 

Дуба кабыл болуучу убакыттар:

— Түн;
— Фарз намаздардан соң;
— Азан менен кооматтын ортосу;
— Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө;
— Жамгыр жааганда;
— Жума намазынындагы бир убакытта;
— Замзам суусун ичээр алдында;
— Намаздагы сажда абалында;

 

Мусулмандын шексиз кабыл болуучу дубалары: 

— Башка мусулман үчүн кылынган дубасы;
— Арафатта турган ажынын дубасы;
— Аллахты эстеген мусулмандын дубасы;
— Ата-эненин дубасы жана каргышы;
— Мусапырдын дубасы;
— Уулдун ата-энесине кылган дубасы;
— Даарат жана гусулдан кийинки дуба;
— Ар бир жамраттан кийинки дуба;
— Каабанын ичиндеги дуба;
— Хижрадагы дуба;
— Сафа жана Марва дөңдөрүндөгү дуба;

— Муздалифа өрөөнүнүн Маашаруль-Харам мечитиндеги дуба;

 

126 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *