62. МУЗДАЛИФАДА ТҮНӨӨ



Муздалифа өрөөнү Арафат тоосу менен Мина өрөөнүнүн ортосуна жайгашкан. Анын чыгышы тоолор, батышы түздүк менен чектелген жана аны жарып өткөн жолдон атайын тор менен курчалган.

Айтмакчы, Ибрахим пайгамбар уулу Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн ушул өрөөнгө алып келгени айтылат. Муздалифа Мина өрөөнүнө карганда алда канча кууш жана тар. Ал жерге ажылардын баарын батыруу үчүн анын чеги да чарчыларга бөлүнүп, ажы башчылар өзүнүн тобуна таандык чекти алдын ала келип белгилеп кетет. Ажылар автобустардан түшөөрү менен шам жана куптан намаздарын бириктирип, куптан намаз убактысында жамаат менен окушат. Андан соң ажылар жатаарга камынышат, бирок уйкуга жатаар алдында Жамратта Шайтанга ыргытылчу таштарды да ушул жерден теришет.

Ажылар Муздалифада бир эле түн түнөшөт жана зуль-хижжанын онунчу таңы атып, Курмандык күнү – биздеги Курман айт Муздалифада башталат. Эл дааратын алып, багымдат намазын окуп, күн чыккан соң, кайрадан автобустарга отуруп, Мина өрөөнүнө жол тартат. Ак толкун кайра Мина өрөөнүнө агат. Айтмакчы, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Муздалифадан Машхаруль-Харам аттуу аянтка келген жана ал жерде элге кайрылган. Бул салтты улагысы келген ажылар да Муздалифадан Машхаруль-Харамга бет алышат. Азыр ал жерге да чоң мечит салынган. Бирок көпчүлүктү автобустар түз эле Минага алып жөнөйт. Ажылар Минага келген соң, мурдагы чатырлардан орун алып, бир аз эс алышат. Бул учурда курмандыкка аталган мал союла баштайт жана анын союлганы тууралуу кабар күтүшөт. 

179 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *