63. КУРМАНДЫК



Курмандык чалуу ажылыктын өзгөчө ибадаты жана ага ажы башчылар Меккеге келгенден баштап кам көрө баштайт. Тагыраак айтканда Меккеде жана Мадинада билим алып жаткан студенттердин кээ бирлери ажылык маалында курмандык үчүн жандык сатуу менен бир аз чөнтөк пул иштеп алгандары бар. Алар адатта өз жердештерине кайрылышат жана ажы башчылар тобундагы ажылардан чогулткан акчага көбүнесе алардан мал сатып алышат. Бул ажылыктан он-жыйырма күн илгери болгондуктан, орточо койдун баасы биздин пулга төрт миң сомдун (70 $) тегереги болот.

Бирок ажылык жакындаган сайын койдун баасы да көтөрүлө берет жана курмандык күнү 120-150$ га чыгып кетет. Андан тышкары мамлекет да курмандык үчүн атайын кой дүкөндөрүн ачкан. Алар Мина өрөөнүнүн батыш тарабына (Кыргызстандык ажылардын чатырларына жакын) салынган. Адатта курмандыкка аталган койлор Австралиядан алдырылат дешет. Кээ бирлери башка жерлерди да айтышат. Канткенде да курмандыкка чалына турган мал бүтүн жана соо болсо болгону. Муну мамлекеттик кызматтар өздөрү көзөмөлдөшөт. Ошондой эле чогулуп чоң мал же төө сойгондор да болот.

Мина өрөөнүнүн түштүк чыгышында курмандыкка мал союла турган төрт кабаттуу, заманбап жабдуулар менен камтылган атайын ишкана салынган. Ага жанаша мал дүкөнү да бар. Мал союлчу ишкананны ар бир кабаты зор жана кенен залдан турат. Полго төшөлгөн темир тордун үстүндө мууздалган жүздөгөн койлор быжырап, алардын кээ бирлери эбак жан берсе, калгандары дагеле пытырап жатат. Касаптар улам кирген койду «Бисмиллаху Аллаху Акбар!» деп үн чыгарып анан мууздайт. Ал кийинки койго өткөндө башка касап тыбырчылап жаткан койлорго шланга менен суу себип турат. Бул койлордун жан берүүсүн жеңилдетсе керек. Каалагандар дүкөндөн койду өзү тандап алып, өзү мууздаса болот. Кааласа ага өзү сойгон койдун этин ороп да берет. Бирок дээрлик көпчүлүк акчасын ажы башчыларга чогултуп берет жана алар кой саткан дүкөнгө барып төлөйт. Андан ары ал койлордун союлганы, эти кайсы тарапка жөнөтүлөөрү кызыксыз. Анткени, курмандык Аллахтын ыраазылыгы үчүн чалынат жана Ага ажынын ниети гана жетиштүү. Айтмакчы, акыркы жылдары бул эттер Сирияда кыйналган мусулмандарга жөнөтүлгөнү айтылды. А мурдагы убактарда милиондогон тонна курмандыктын эти Африка мусулмандарына тоңдурулуп анан жиберилгенин укчубуз.

Илгери курмандыкка деп акча чогултуп, аны сойбой, акчасын катып алган ажы башчылар да болгон дешет. Иши кылып адамдын аласы ичинде. Ал эми акыркы жылдары курмандыктын союлганын карап турган ажы башчылар да пайда болду жана алар курмандык союлуп бүтөөрү менен ажыларга кабар берип, анан гана алар Шайтанга таш ыргытканы жамратка чыгышат.

 

 

 

245 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *