64. ТУННЕЛДЕР



Ажылар Мина өрөөнүнөн чыгып, Жамратка чейинки үч чакырымдай аралыкты ар кандай жолдор менен жөө басып өтүшөт. Жолдор кенен, ар бири эки катардан турат. Тагыраагы таш ыргытканы бараткан жана андан кайткан ажылардын агымы бири-бирине тоскоолдук кылбайт. Жолдордун дээрлик ар бири тоолорду тешип өткөн кенен туннелдер аркылуу өткөн.

Туннелдер да эки тарап каттону камсыз кылуу үчүн эки тараптуу болуп салынган жана анын ар жеринде эки агымдын ортосун бириктирген дализдер да бар. Туннель жарык, өлкөн желдеткичтер абанын тынымсыз алмашуусун камсыздайт. Ар кандай аралыкта атайын орнотулган бийик секиден полисмендер күзөтүп турат. Азыр туннелдин ичинде жылма жолдор да орнотулган. Туннелдердин ичи жарык, жагымсыз жыттар жок, элдин көптүгүнө карабай таза кармалат. 

 

 

 

199 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *