65. ЖАМРАТ



Бул күн Ислам тарыхында Ибрахим пайгамбардын аты менен тыгыз байланышкан. Тагыраак айтканда Ибрахим пайгамбар түшүндө Аллахтын сүйүктүү уулу Исмаилды курмандыкка чалууну буюрганын көрөт.

Жөнөкөй түш эместигине ынанган соң Ибрахим пайгамбар ниетин уулу Исмаилге жана аялы Хаажарга айтат. Алар Аллахтын буйругуна баш ийип, макулдугун билдиришет.
Ибрахим пайгамбар Исмаилди Муздалифа өрөөнүндө ээрчитип баратканда, алдынан Шайтан чыгат. Ал: «Ибрахим, сага көрүнгөн белги – болгону түш гана. Сен ага ишенбегин!» — деп азгырат. Ибрахим аны таш менен кубалайт. Андан сон, Шайтан Исмаилди азгыра баштайт. Ага: «Атаң жөн гана жинди болуп, кайдагы түшкө ишенип, сени сойгону алып бара жатат» — дейт. Исмаил да аны таш менен кубалайт. Акыры Шайтан Хаажарга келет. Ага да: «Сен кантип өзүңдөн чыккан балаңды алжып калган абышкага сойдуруп койосуң?» — деп азгырганы аракет кылат. Бирок ал Хаажарды да азгыра албайт. Пайгамбардын жубайы да аны таш менен уруп кубалайт. Андан ары, Ибрахим пайгамбар Исмаилдын колу бутун байлап, жерге жаткырат жана кекиртегинен бычак менен мууздайт. Бирок кан чыкпайт. Анткени бычак Исмаилдин мойнуна өтпөй койот. Ибархим алдастай түшөт да дагы бир канча ирет муздайт. Бычак дагы эле өтпөйт. Шаштысы кеткен Ибрахим пайгамбар бычагы менен жанындагы чоң ташка чабат. Таш эки бөлүнүп калат. Демек, бычак курч. Анда эмнеге бала мууздалбай койду? Жооп өзүн көпкө күттүргөн жок. Ибрахим пайгамбардын марттыгына жана достукка бекемдигине ыраазы болгон Аллах ага Бейиштен кочкор түшүрөт жана мындан ары курмандыкка адам эмес, кой чалынаарын буюрат.

Чындыгында Аллахка курмандыкка чалынган жаныбар эмес, мусулмандын ниетинин калыстыгы жетиштүү. Шайтанга таш ыргытулчу жерлердин чоңу – Жамратуль-акаба, ортончусу – Жамратуль- вуста жана кичинеси – Жамратус-сугра болуп үчкө бөлүнөт. Курман айт күнү болгону чоңуна – Жамратуль-акабага жети гана таш ыргытылат.

Азыркы Жамратты – архитектуралык чечимдин туу чокусу десе болот. Ага кирген жана андан чыккан жолдор бир канча деңгээл менен салынган. Тик учак коно турган бир канча мунарасы бар. Беш кабат имаратты бийик мамы-дубалдар үч жерден өзөк болуп тешип өткөн. Шайтанга ыргытылчу таш сөөмөйдүн тырмагынан чоң болбоосу зарыл жана ар бир таш «Аллаху Акбар!» деген сөз менен ыргытылат. Аны да ар кандай ыргытууну айткандар бар.

Кээ бирлер мамыга артын салып, желкеси менен ыргытуу керек десе, кээлери түз эле карап, кадимкидей эле кол шилтеп атуу керек дешет. Канткенде да, бул терең маанилүү ибадат – ар бир ажы өзүндөгү шайтанды куугандай кылып аткаруусу зарыл. 

Шайтанга таш атып бүткөн, ажы: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ля иляха илля-Ллах! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ва ли-Лляхи- ль-хамд!» — деп майрамдык такбир айтуусу зарыл. Айтмакчы, бул дуба үч күн бою ар бир намаздан соң кайталанып турат.

Жамраттын ар бир кабатынан бир эле убакытта миллиондогон ажы ыргыткан таш эң төмөнкү кабатка чогулат. Ар бир кабатында элдин тыгынын атайын полисмендер бийик секиден карап турушат. Кандайдыр жагымсыз кырдаал пайда болсо дароо алар аны жөнгө салууга кудурети жетет. Жамратуль-акабанын жанында пайгамбарыбызга Йасрибден келген мусулмандар алгач баят берген жерге «Масжидуль-Баят» деп аталган мечит салынган. Бирок азыр бул мечит жабык. Бирок, Жамраттан чыгып Масжидуль-Харамга бет алган жолдо, маани берип караса көрүнөт.

 

 

 

156 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *