67. ЧАЧ АЛДЫРУУ ЖАНА ИХРАМДАН ЧЫГУУ



Эми кезек чач алдырууга жетти. Ажылар чачын адаттагыдай эле мейманканага келип алса да болот. Анын үстүнө мейманканада жуунуп таранып алганга жана ихрамдан чыгып, жөнөкөй кийим кийгенге толук шарт. Бирок көпчүлүк Масжидуль-Харамдын тегерегиндеги чачтарачтарга кирип чачтарын кырдырып, анан мейманканаларга кайтышат.

Чач алдыргандардын арасында «эртеси жумушка чыгаарын шылтоолоп» чачын жөн эле кыскартып койгондор да кездешет. Пайгамбарыбыздын ажылыгында бирөө: «Эй, Аллахтын Элчиси! Чачын кыскарткандарга дуба кыл» — дептир. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Чачын алдыргандарга…» — деп бата берет. Жанагы киши: «Чачын кыскарткандарга бата бер!» — деп дагы сураныптыр. Пайгамбарыбыз дагы: «Чачын алдыргандарга…» — деп бата бериптир. Алдагы киши төртүнчү жолу суранганда гана, пайгамбарыбыз: «Чачын кыскарткандарга…» — деп бата берген экен. Ушул хадистен окумуштуулар чачын кыскарткандарга караганда, алдыргандардын сообу үч эсе жогору болоорун айтышкан.

Ажылар чачтарын алдырып, жуунуп анан ихрамдарынан бошонушат жана катардагы кийимдерин кийип, жакын арадагы мечитке чыгып же мейманканадан эле эки рэкет намаз окушат. Мына ушуну менен ажылыктын ихрам абалындагы ибадаттары бүтөт. Бирок алдыда дагы бир катар ихрамдан сырткы ибадаттар турат.

 

 

 

83 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *