70. ҮЙГӨ КАЙТТЫК



Ошентип, ажылык да аягына чыкты. Азыдыгына карабай бул убакыт кылымга тете күндөрдөн турду. Заматта, тирүү туруп Кыяматты көргөндөй болду, ажы. Канчалаган пикирлеш, эчендеген дос тапты. Белгиленген убакытта, ажылар көнүп калган автобустар кайра мейманкананын алдына келип туруп калышты. Ажылар жүктөрүн жүктөп, өздөрү да орундарын ээлешкен соң автобустар бул жылы акыркы ирет аларды ташып, шаардан чыгып Жидда аэропртуна сызып жөнөдү. Ажылар артта калып жаткан Меккени улам кылчактап карашат. «Эми качан көрүшөбүз? Көрүшөбүзбү, деги» – дегенсип көпчүлүктүн көзүндө жаш. 

Жидда аэропортунун босогосу

Жидда аэропорту да дүйнөдөгү аба учактарынын ири аялдамасыкатары каралат. Ал архитектуралык чечимге ылайык чатырлардан турат. ар бир чатырдын бийиктиги кеминде отуз-кырк метр жана анын түндүгүн өтө зор темир устундар тиреп турат. чатырдын кеңдиги да узун-туурасы элүү-алтымыщ метрден аз эмес. Аялдамада мына ушундай чатырдан элүүдөйү тигилгендейт. Учаар талаасында болсо аарынын уйугундай ызылдаган учактар. Ар бир отуз секунда сайын бир учак консо, бири учуп чыгып турат. Керемет. Айтмакчы залдын ичи өтө эле кең жана анда көптөгөн аянтчалар бөлүнгөн. Арасында кафелер, намазканалар жана башка аялдамага кажеттүү кеңселер салынган. Алардын баары борборлоштурулган желдеткич менен камсыздалган.

Аэропорттун ичи

Ажыларды туристтик ишкананын өкүлдөрү тосуп алышты, алардын жүктөрүн таразага ашып, өздөрүн каттоодон өтөкрүп жатышты. Учакка чыгаар алдында эки араб жигити келип, ар бир ажыга падышанын атынан жаңы гана басмадан чыккан Куран нускасын белекке берип жатты. Ошентип, ажылар заматта абага көтөрүлдө жана эми жаңы жашоо барагына кадам ташташты. Ал эми үй, бала-бакыра баягыдай эле, аларга өткөн күн билинбей деле калды. Ажы мекенине башка адам болуп, өзгөрүп кайтканы дурус. Анткени, ал өзгөрсө гана Аллах анын калган өмүрүн жана акыретин өзгөртөт.

Урматтуу диндеш бир тууган, сөз аягында биз менен чогуу болгон ажылардын ибадаттарын Аллах кабыл кылсын, эли жерибизге тынчтык берсин!

Ажылыктан кайтып жаткан Искендер палван. 2012-жыл.

 

 

 

 

206 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *