71. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН АЖЫЛЫГЫ



Аллахтын дини Араб жарым аралына пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын көзүнүн тирүүсүндө эле жеткен жана араб уруулары аны кабылдап, Ислам мыйзамдары менен жашап баштаган. Аллах Өзүнүн пайгамбарына жыйырма үч жылдык кыйынчылыкка өжөрдүк менен каршы туруп, тараткан чакырыгынын натыйжасын тирүүсүндө эле көрүүнү насип кылды. Бирок муну менен пайгамбарлыктын да бүтүп баратканы маалым боло баштады. Өзүнүн милдети аяктап калганын пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам да жүрөгүнүн түпкүрүндө сезип жүргөн. Ал хижраттын онунчу жылы Муааз ибн Жаббалды Йеменге жөнөтүп жатып: «Оо, Муааз! Келээрки жылы мени таппай да калууң мүмкүн, балким менин мечитимдин жана кабырымдын жанынан өтүп каласыңбы дейм» — дегенде Муааздын ыйлап жибергени айтылган.

Ошого карабай, пайгамбарыбыз ушул жылы Меккеге ажылыкка барууга ниет кылды. Бул тууралуу маалым болгондо пайгамбарыбыз менен ажылыгын өтөөнү каалагандардын саны кескин өстү жана ажылык маалы жакындаган сайын Мадинага чар тараптан миңдеген адамдар келип кошулуп жатты. Ошентип, хижраттын онунчу жылынын зуль-каада айынын жыйырма алтысында пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам таң эртелеп курмандыкка чалына турган төөлөрдү белгиледи. Соң үйгө кирип, чачтарын жыпар менен майлады жана жолго керектүү буюмдарын алып, жубайы Айшанын коштоосунда жолго чыкты. Анын үйүнөн чыкканын укканда шаардын ар тарабынан келип, улам көбөйүп отурган эл Мадинадан чоң дайрадай агып чыкты жана бул агым Мадинадан анчейин алыс эмес аралыктагы Зуль- Хулайфа айылына аср убактысы киргенде араң жетип келди.

Зуль-Хулайфа мечитинин сырты

Ажыга аттангандар Зуль-Хулайфага түнөштү. Таң атканда пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга Аллахтын кабарчысы Жебирейил: «Акыйк өрөөнүндө намаз окуп, ихрамга кир жана: «Умратан фий хажжатин» – деп айт!» – деген буйрукту жеткирди. Анан пайгамбарыбыз сааллаху алайхи ва саллам гусул алды жана Айша зарира аттуу жыпар чөптүн уругу менен анын денесин, чачын жана сакалын калың кылып сүртүп берди. Соң пайгшамбарыбыз ихрамга оронду жана умра жана кыраан ажылыгына ниет кылганын айтты. Андан соң, Касва аттуу төөсүнө минип чөлгө жеткенге чейин: «Лаа илааха иллаЛлах» – деп токтобой кайталап барды.

Зуль-Хулайфа мечитинин ички дализи

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам менен чогуу ажылыкка аттангандар жети күн жол жүрүштү жана зуль-хижжа айынын үчүндө, ишембиде кеч Меккеге жакын Зу-Тува өрөөнүндө жетип келишти. Пайгамбарыбыздын буйругу боюнча ал жерге убактылуу турактар тигилип, ажылар ушул жерге түнөмөй болушту. Таң атаары менен пайгамбарыбыз гусул алды жана багымдат намазын жамаат менен окуп кайра жолго аттанышты жана ушул күнү сегиз күндүк жолдун аягында ажылар Меккеге кирип келишти. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам жана аны ээрчиген эл Меккеге кирээри менен Каабага бет алышты жана алгач аны жети ирет тооп кылды. Соң Сафа жана Марва тоолорунун ортосунда чуркашты.

Масжидуль-Харамдын Зу-Тувадан көрүнүшү

Сайй бүткөн соң пайгамбарыбыз сапарынын башында кыраан ажылыгын ниет кылгандыктан ихрамдан чыккан жок жана ихрамда туруп курмандыкка аталган төөлөрүн Меккенин өйдө тарабындагы Хаажуун тоосуна айдап жөнөдү. Ал эми курмандыкка чалаар төөлөрү жок сахабаларына пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам ихрамга умра ниетинде кирип, Каабаны тооп кылып, Сафа жана Марва ортосунда чуркаган соң ихрамдан чыгууларын буюрду.

Исламга чейинки доорлордо ажылык учурунда умра өтөө чоң күнөө деп эсептелген жана кээ бир сахабалар ихрамдан чыгууга даай албай тайсалдап туруп калышты. Муну көрүп пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Эгер мен азыр билгенимди мурдараак билгенимде, курмандыктарымды азыр айдап келмек эмесмин. Ал эми курмандыгым жок болсо умрадан соң ихрамдан сөзсүз чыкмакмын» – деди. Ушундан соң гана сахабалар ихрамдан чыга башташты.

Зуль-хижжанын сегизинчи (яуму тарвия) күнү пайгамбарыбыз Мина өрөөнүнө жол тартты жана ал жерге жетип, бешим, аср, шам, куптан жана эртеси күнкү багымдат намаздарын окуду. Күн чыккан соң Арафатка жөнөдү жана Арафаттын Намира деген жеринде пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам үчүн атайын тигилген чатырга токтоду. Азыр ал жерге «Намира» мечити салынган. Бир кезде төөсүн токутуп, аны минип жакын жердеги өрөөнгө түштү жана аны күтүп отурган жүз жыйырма төрт (же жүз кырк төрт) миң ажыга төмөнкүдөй кайрылды: «Эй, адамдар! Менин сөзүмдү уккула, балким биз бул жерде келээрки жылы экинчи ирет жолукпай калышыбыз ыктымал. Чындыгында, силердин өмүрүңөр, мал-мүлкүңөр силер үчүн ушул жер, ушул ай, ушул күндөй ыйык болуусу зарыл. Чындыгында, караңгылык өкүмдөрү, өлүм үчүн кун жана кек, өзгөчө Саад уруусунан эмчек эне издеп жүргөн жеринен Хузайл өлтүргөн Ибн Рабиаа ибн Хаарисанын куну жана кеги жокко чыгарылат, Аббас ибн Абдуль-Мутталибке карыз болгондордун бересеси кечирилет. Аллахтан аманатка алган жана силер үчүн адал кылынган аялдарыңар үчүн Аллахтан корккула. Силер алардан ордуңарга силерге жакпаган бирөөнү отургузбоосун талап кылууга укугуңар бар. Антпесе, аларды ургула, бирок катуу эмес. Алар силерден татыктуу тамак жана кийим талап кылууга укуктуу. Мен силерге Аллахтын китебин калтырдым, аны бекем кармасаңар эч качан туура жолдон чыкпайсыңар. Оо, адамдар! Чындыгында, менден кийин пайгамбар, силерден соң башка үммөт болбойт. Раббыңарга сыйынгыла, намазыңарды окугула, Рамазан айында орозо кармагыла жана мал-мүлкүңөрдөн өз эркиңер менен зекет бергиле, Раббыңардын үйүнө ажылык кылгыла, башчыларыңарга баш ийгиле жана силер Раббыңардын Бейишине киресиңер!» — деди. Бул сөздөрдү элдин баарына жеткирүү үчүн кээ бир сахабалар кайталап кыйкырып турду. Алардын ичинен Рабиаа ибн Умайй ибн Халяфтын үнү катуу угулуп жатты.

Намира мечитинин алдында, 2012-жыл.

Андан соң пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам адамдардан: «Мен тууралуу суралганыңарда эмне дейсиңер?» – деп сурады. Адамдар: «Сенин акыйкатты жеткиргениңе, аткарганыңа жана жакшы насыйкат кылганыңа күбөлүк беребиз!» – деп жооп беришти. Жоопту уккан соң пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам сөөмөйүн асманга көтөрүп: «Оо, Аллахым! Күбө бол!» – деп үч жолу кайталады. Ушул учурда Аллахтан: «Мен бүгүн силер үчүн диниңерди жеткиликтүү кылдым жана жакшылыгымды аягына чыгардым жана аны Ислам деп, дин катары силерге ыраа көрдүм» — деген аят түштү. Муну укканда Умар ыйлап жиберди. Кийинчерээк андан ыйлаганынын себебин сурашканда ал: «Жеткиликтүүлүктөн соң, кемүү бар» – деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын кутбасынан соң Билал азан чакырып, каамат айтты жана пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам бешим намазын, андан соң аср намазын да элге имамдык кылып окуду. Алардын ортосунда эч кандай намаз окулган жок. Анан пагамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам төөсүнө минип Арафатка келди. Ал жерде төөсүнүн жүгөнүн бош койду. Күн кызарып, кыйырдан жашынганда гана төөсүнө Усаманы учкаштырып, Муздалифага келди жана ал жерде шам жана куптан намаздарын бир азан эки каамат менен ортосунда тасбих айтпай окуду. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам таңкы азан, анан кааматтан соң багымдатты окуп, Касвага минип Машааруль-Харам деген жерге келди.

Мина өрөөнүндөгү Машааруль-Харам мечити

Жүзүн кыбылага буруп, күн чыкканга чейин «Аллах Улуу!» жана «Аллахтан башка кудай жок!» деген келмелерди кайталап отурду. Соң Фадль ибн Аббасты төөсүнө учкаштырып, Муздалифадан Мина өрөөнүнө карай бет алды. Батн Мухассарга жеткенде ал чоң Жамратка жол боюндагы дарак тараптан келди да «Аллах Улуу!» – деген келме менен мамыга кичине жети ташты ыргытты. Андан соң курмандык чалынчу жайга келип, курмандыкка апкелген жүз төөнүн алтымыш үчүн өз колу менен мууздады. Калган отуз жетисин Алиге мууздатты. Ар бир төөнүн этинен бир кесимден казанга салып бышыртып, Али экөө ал эттен жеп, шорпосунан ичишти. Анан пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам төөсүнө минип Меккеге бет алды. Каабага жетип бешим намазын окуду, соң Замзам булагына келип, элди сугарып жаткан Абдуль-Мутталиб уруусунун жигиттерине карап: «Эй, Абдуль-Мутталибтин урпактары! Сугаргыла, эгер элдер силерден талашат дебегенимде мен да түшө калып сугармакмын» – деди жана ага элдер сунган идиштен суусунун кандыра ичти.

Күн кадыресе көтөрүлүп калган кезде пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам боз качырына минип, чогулган эл тарапка бастырды жана аларга карап: «Убакыт Аллах асмандарды жана жерди жараткан кездеги кейпине кайты. Жыл он эки айдан туруп, анын төрт айында согушууга тыюу салынды. Алардын үчөө – зуль-каада, зуль-хижжа жана мухаррам удаалаш келип, бирөө — Мудар уруусу өзгөчө сыйлаган ражаб, жумадаус-сани менен шаабандын ортосунда келет!» – деп сөзүн баштады. Анан: «Азыр кайсыл ай?» – деп сурады элге карап. Эл: «Аллах жана Анын пайгамбары жакшы билет» – деди. Ал бир азга үн катпай турду, анан: «Бул зуль-хижжа эмеспи?» – деди. Эл: «Ооба» – деп жооп берди. Анан ал: «Бул кайсыл шаар?» – деп сурады. Эл: «Аллах жана Анын пайгамбары жакшы билет» – деди. Ал көпкө үн катпай калгандыктан, эл аны башкача жооп берет деп ойлоду. Бирок ал: «Бул ыйык шаар эмеспи?» – деди. Эл: «Албетте!» – деп жооп берди. Анан ал: «Бүгүн кайсы күн?» – деп элден дагы сурады. Эл: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» – деди. Ал дагы көпкө үн чыгарбай калгандыктан аны башкача жооп берет десе, ал: «Бул курмандык күнү эмеспи?» – деди. Эл: «Албетте!» – деп жооп берди. Анан ал: «Чындыгында, силердин өмүрүңөр, мал мүлкүңөр жана намысыңар силер үчүн ушул айыңардагы бул шаарыңардагы ушул күндөй ыйык. Силер сөзсүз Раббыңарга жолугасыңар жана Ал силерден кылган амалыңар тууралуу сурайт! Карагыла, менден соң бири-бириңерди чаап, адашып калбагыла! Мен силерге ушуну жеткирген жокмунбу?» – деп сурады. Эл: «Жеткирдиң» – деп жооп берди. Анан ал алаканын жайып: «Эй, Аллахым! Буга күбө бол!» — деди. Анан кайра элге кайрылып: «Бул жердеги бар – жокко жеткирсин жана менин сөзүм жеткирилген адам аны өз кулагы менен уккандан жакшыраак өздөштүрүүсү ыктымал» – деди.

Бул хадистин дагы бир айтылуусунда пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын жогорудагы кутбадан соң: «Чындыгында күнөөкөр өзүнө эле кылат, эч ким атасына жана уулуна каршы кылмыш кылбасын! Акыйкатта Шайтандын силердин ага сыйынууңардан үмүтү үзүлдү. Бирок ага кымындай нерселерде ээрчип, ал ушуга ыраазы болот» – деп кошумчалаганы айтылат. Ташрик күндөрүн пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Мина өрөөнүндө керектүү ибадаттарды өтөп, элге Шариатты үйрөтүп, Аллахты эстөө менен өткөрдү. Бул күндөрдүн биринде ал элден: «Бүгүн ташрик күндөрүнүн ортосу эмеспи?!» – деп сурады.

Көп өтпөй адаттагыдай эле кутба жасады. Зуль-хижжанын он үчүндө (йаум ан-нафр ас-сани) пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Минадан чыгып, Абтахтын боорунда жайгашкан Кинаана уруусунун жерине токтоду да бешим, аср, шам жана куптан намаздарын окуп, уйкуга жатты. Таң атаары менен багымдатты окуп, Меккеге аттанды. Шаарга кирип, Каабага коштошуу тообун жасады жана сахабаларына да ошентүүнү буюрду. Ошентип, ажылыктын бүт милдеттерин аткарып бүткөн соң, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам сахабалары менен Мадинага кайтып кетти.

 

 

 

92 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *