72. КУРАН ЖАНА СҮННӨТТӨГҮ АЖЫЛЫК ТУУРАЛУУ ӨКҮМДӨР



Ажылыктын өкүмдөрү Ислам фикхинде вылымдар бою кынтыксыз чечилген жана анын аткарылуу тартиби ар бир мазхаб жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат. Ошентсе биз ажылык тууралуу Курандагы аяттарды жана пайгамбарыбыздын хадистерин түп нуска маанисинде тиркедик. Айтмакчы, бул тиркеме билимдүүлөрдү түшүндүрүүлүсүз колдонууга негиз эмес.

«Байтуллага саякатка мүмкүнчүлүгү барларга, Аллахтын алдында аларга ажылык милдет. Бул милдеттен баш тарткандарга: Аллах бай жана бул дүйнөгө муктаж эмес1)Куран, «Али Имран», 97»

«Ажылык – белгилүү гана айларда. Ажылыкка ниеттенип, ихрамга оронгон — андан чыкмайынча жубайына жолобосун, бардык күнөөлөрдөн тыйылып, жаңжалдан алыс болсун. Аллах ар бир жакшылыгыңарды билип турат жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол-азыгы – такыбалык. Эй, акыл жүгүртүүчүлөр, Менден корккула! Ажылык мезгилинде адал кесип, соода менен Раббыңардан ырыскы табууда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Муздалифа өрөөнүнө токтоп, Аллахты эстегиле, Аллах силерди адашканыңардан кийин, Туура Жолго салганы үчүн, силер Аны эстегиле. Андан соң Муздалифадан Каабаны көздөй, элден бөлүнбөй чогуу түшкүлө жана Аллахтан кечирим сурагыла. Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү. Ибадаттарыңарды аткарып бүткөн соң Аллахты улуулап, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү Акыретти унутуп: “Йа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө бер” – дешет. Андайларга Акыреттен насип жок! Ал эми кээ бирөөлөр: “Йа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бер жана бизди Тозок азабынан сакта!” – дешет. Акыретте дал ошолор үчүн жасаган жакшылыктарынан үлүш бар. Аллах өтө тез эсептешет! Аллахты Мина өрөөнүндө да эстегиле. Ал жерде 3 күн турулат. Эки күндө кетүүгө шашылганга – күнөө жок. 3-күнгө кечиктиргенге да – күнөө жок. Бул өкүмдөр кудайдан корккондор үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле – баарыңар Кыяматта эсеп берүү үчүн Аллахтын алдында чогултуласыңар2)Куран, «Баккара», 197-203.».

«Чындыгында каапыр болуп, Аллахтын жолунан жана Биз анын тургундары жана четтен келүүчүлөр үчүн бирдей (ыйык) кылып койгон Масжидуль-Харамдан тоскондорго, зулумдук менен жолдон чыгууну кааласа, ага жан чыдагыс азаптын даамын таттырабыз3)Куран, «Хажж», 25»

Бир жолу адамдар пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдан: «Эң мыкты амал кайсы?» — деп сурашты. Аллахтын Элчиси: «Аллахка жана Анын Элчисине ишенүү» — деп жооп берди. Адамдар: «Андан кийинчи?» — деп дагы сурашты. Ал: «Аллах жолундагы күрөш» — деп жооп берди. Адамдар: «Андан кийинкисичи?» — деп дагы сурашты. Аллахтын Элчиси: «Кемчиликсиз аткарылган ажылык» — деп жооп берди4)М.Бухарий, Муслим.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «(Ажылык маалында) аялына жакындабай, күнөө жана адепсиз иштерден алыс болуп ажылык кылган адам үйүнө энеден жаңы туулгандай (күнөөсү) абалда кайтат5)М.Бухарий, Муслим» — деген.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «(Ар бир) умра өзүнө чейинки (мурдагы умрадан берки) күнөөлөрдү жубат, ал эми кемчиликсиз аткарылган ажылыктын сыйлыгы – Бейиш гана»6)М.Бухарий, Муслим — деген.

Бул өкүмдөр дагы толукталат, иншаАллах!

 

 

284 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент

Шилтеме   [ + ]

1. Куран, «Али Имран», 97
2. Куран, «Баккара», 197-203.
3. Куран, «Хажж», 25
4, 5, 6. М.Бухарий, Муслим



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *