69. КААБА МЕНЕН КОШТОШУУ



Мина өрөөнүндөгү күндөр аяктап, ажылар кайрадан Меккеге кайтышат. Алардын артынан  эле өрөөнгө ажылык министрлигинин миңдеген кызматчылары кирип, ар бир чатырдагы абалды карап, андагы токторду өчүрүп, ичин тазалап, килемдерин кайра түрүп ташый баштайт.

Ажылар түз эле Масжидуль-Харамга келишип, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Эч ким Аллахтын Үйү менен коштошмоюнча Меккеден чыкпасын» — деген буйругуна ылайык Каабаны коштошуу үчүн жети ирээт айланышат. Бул коштошуу учурунда көпчүлүктүн көзү жашка толот. Анткени бул Үйдү кайра көрөбү же жокпу бир Аллах Өзү билет. Кантсе да ар бир ажы: «Эй, Аллахым! Ушул Үйүңдү дагы көрүүгө мүмкүнчүлүк бер!» — деп дуба кылышат. Айтмакчы, айызы келген же жаңы эле төрөттөн бошонгон аялдарга коштошуу тообун аткарбоого уруксат бар.

Тооп бүткөн соң ажылар Замзам суусунан ичишет жа кээлери Каабанын алдында дагы бир саамга кармалып, напил намаздарын окуп киришет. Кээлери Масжидуль-Харамдын маңдайындагы асман тиреген имараттагы ашканалардан эң даамдуу тамактар менен майрамдашат. Канткенде да ажылык ушуну менен бүттү. Анан пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «… ажылыгы бүткөндөр тез арада үйлөрүнө кайтышсын..» — деген сөзүнө ылайык, ажылар үйлөрүнө кайтууга камынышат. Айтмакчы, бул күнү жамгыр себелеп, шамал жүрө баштады. Былтыркы ажыга келгендер жылда ажылык бүтөөр менен ушинтип жамгыр жаарын айтышты. Аллахтын буйругу менен болгон шамал жана жамгыр, Меккени тазалайт экен.

 

 

 

 

 

 

249 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *