1-СУРОО



Исламдын жайылуусуна ММКнын орду кандай жана андагы мусулмандардын аракетин кандай баалайсыз? Рустам Б. С-Петербург, Орусия

 

Бүгүн карманган динине, ишенимине же анын жоктугуна карабай, ар бир адамдын Ислам динин түшүнүүгө муктаждыгы байкалууда. Анткени, Ислам жана мусулмандар менен
байланышкан кубулуштар акыркы убактарда саясий, экономикалык ж.б. кызыкчылыктардан улам атайын долбоорлор менен кээде элдин үшүн алса, кээде коомдук пикирди каалагандай калчап, канткенде да коомдук жана саясий туруктуулукка таасирин тийгизе баштады. Анын үстүнө Ислам коомдук жайылтууну талап кылган дин. Жайылтуу дегени, мусулмандарга дини менен жашоону, анын мыйзамдарын аткарууну үйрөтүү, ал эми мусулман эместерге бул дин тууралуу чыныгы маалыматты жеткирүү жана анын кубулуштарын түшүндүрүү дегенди билдирет. Албетте, мындай түйшүктө массалык маалымдоо каражаттарынын аткарган иши баа жеткис. Өзгөчө, электрондук каражаттардын жана интернет ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланса Ислам динин туура түшүндүрүүдө зор жана алгылыктуу иштер жасалмак. Тилекке каршы мамлекеттик жана коомдук басылмаларда, теле жана радио каналдарда  Ислам дини, анын дүйнө таанымы, мыйзамдары, ибадаттары жана талаптары тууралуу намаз окуган жана ага даярданган мусулмандарга багытталган атайын долбоорлор такыр жок.

Анткени, ал мекемелердин жетекчилери адатта «светтик» деген түшүнүккө жамынып, өзүнүн жеке «светтик» дүйнө таанымына дал келгенди көрсөтөт жана калктын 80 пайызынын муктаждыгын жана талабын аткарууга балким зиректиги жетпейт, а балким жөн эле ичи тардыктанбы, айтор өлкөнүн негизги каналдарында динди үйрөткөн долбоорлор жокко эсе. Ошондон улам, азырынча диний көрсөтүүлөр тууралуу кеп кылууга эрте. Бирок дин тууралуу жарыяланып жаткан материалдар жөнүндө сөз кылса болот. Тагыраак айтканда Ислам динине байланышкан же мусулмандар катышкан окуяларды чагылдырган материалдар байма-бай жарык көрүп турат жана алардын тактыгы, акыйкаты тууралуу бир сөзгө келүү өтө эле кыйын. Бул материалдарда эң оболу журналисттердин Ислам тууралуу билбегени, анын интеллектуалдык деңгээли өтмөс жана даярдаган материалы да интернеттен алынганы, көбүнесе тайыз малыматтар менен гана чектелгени дароо байкалат. Аз келгенсип, журналисттик материал дайым эле компетенттүү адистердин ою менен бекемделе бербейт. Көпчүлүк журналисттер кандай гана окуя же кайсы маселе болбосун, эң оболу муфтиятка кайрылышат. А чынында муфтият шариат изилдөөчүлөрдүн гана борбору. Ал эми Ислам Шариаттан алда канча кенен кубулуш. тагыраак айтканда Исламдын экономикалык, укуктук, саясий, чарбалык жана башка башталыштарын атайын үйрөнгөн же ошол багытта иш алып барган адисттер адатта муфтияттан четте иштешет.

Ошондуктан, кайсыдыр окуянын түшүндүрмөсүн компетенттүү адисттен гана суроо туура болмок. Кээде журналист таап кайрылса да диний адисттин даярдыксыз маалымат берген учурлары кездешет.

Ошондой эле журналисттик материалдарга чакырылган дин таануу адистигиндеги светтик эксперттердин да диний маселелердеги маалымдуулугу жетишээрлик эмес. Алар да
билгенин көбүнесе интернеттен гана алат. А чынында, динге байланышкан маселелерди чагылдырууда журналисттин диний маалымдуулугу чоң роль ойнойт жана динден кабарсыз же билгени тайкы журналисттин берген маалыматы дайым эле коомдук пикирди туура нукка бура бербейт. Анын үстүнө чийки материалды токтотуп койо ала турган жетекчинин да диний маалымдуулугу кабарчыдан артык эмес. Натыйжада, кайсыдыр диний кубулуш же ага байланышкан окуя такыр туура эмес чагылдырылып, көпчүлүктү удургутса, бир чети журналистке, экспертке жана диний ишмерге караганда диний маалымдуулугу алда канча жогорулап кеткен маалымат керектөөчүсүн массалык маалымат булагына иренжитет жана ага болгон ишеничин кетирет. Мунун баары бүгүн кыргыз маалымат мейкиндигинде журналисттердин диний маалымдуулугун жогорулатуу боюнча борборлошкон аракеттердин жоктугунан келип чыгууда жана буга чейин журналисттерге Ислам динин түшүндүрүү боюнча бир катар демилгелер күткөндөй натыйжа берген эмес. Мисалы, Ч. Жалилов менен журналисттер үчүн Ислам тууралуу атайын маалыматтык курстарын уюштуруу демилгеси көпкө созулган эмес. Ал курстарга катышууну каалаган журналисттер бар болгону менен, иш жүзүндө башкача болду. Эптеп чакыргандарыбыз да бир жолугушуудан ары катышкан жок. Андан кийин деле адал-арам, үй-бүлөө ж.б. маселелер боюнча уюштурулган жолугушуулар да журналисттерди анчейин кызыктыра бербеди.

Эмне кылуу керек? Тез аранын ичинде жогоруда айтылгандай, массалык маалымат кызматкерлери үчүн Ислам дини тууралуу атайын маалымат курстарын кайра уюштуруу жана ага болгон кызыгууну артыруу үчүн мыйзам чегиндеги бүт чараларды колдонуу зарыл. Албетте, башка диндер тууралуу да курстарды уюштуруу керек, бирок аны ал диндин өз өкүлдөрү уюштурганы туура болот. Андан соң дин маселеси боюнча иш алып барган эксперттерди да коомдук маалымат үчүн атайын даярдоо курстарынан өткөрүү зарыл. Ага катарлаш расмий каттоодон өткөн диний мекемелерде да коом менен байланыш бөлүмдөрүн ачып, анда иштеген адистерди да массалык маалымат каражаттары менен иштөө жана коомго диний маалыматты жеткирүү чебердигин үйрөтүү зарыл. Акырында тиги же бул диний көрүнүшкө туура баа берүү үчүн коомдун өзүн да үйрөтүү керек жана бул ишти мамлекеттик маалымат кеңселери аткарганы туура болот. Антпесе, бул багытты дагеле чет элдик уюмдар, ар кандай миссионерлер колго алат. Жок эле дегенде диний маалыматка суусаган керектөөчү, аны интернет ресурстарынан өзү издеп, тапкан маалыматы дайым эле күткөн натыйжаны бере бербейт. Чынында, дин борборлошкон аракет менен гана туура жайылат. Атпесе, ансыз да араң турган коомдук туруктуулукка дагы бир коркунучтун пайда болуусу турган кеп.

 

 

 

180 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *