2-СУРОО



Ислам динин ММК аркылуу жаюуда мамлекеттик чектөөлөр барбы?                                               Д.Исмаилов, Бишкек шаары

 

Констицуялык нормаларды жана аларга негизделген бир катар мыйзамдардагы диний негиздеги жаңжалдардын алдын алган тыюу салууларды эске албаганда, Ислам дининин массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылуусуна салынган кандайдыр расмий тыюулар жокко эсе. Бирок ошол эле массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө жана интернет маалымат ресурстарында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын дин таратуу жаатындагы кээ бир аракеттери тууралуу кептер жүрүп калат.

Мисалы, белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун бир катар телевизиондук каналдардан чыгып сүйлөөсүнө чектөө коюлганы тууралуу кептер тараган. Көп өтпөй бул иштин демилгечиси делген Улуттук коопсуздук кызматы андай көрсөтмө бербегени тууралуу билдирүү тараткан. Бирок Чубак ажынын жана Өзбөк ажынын бул каналдын толкунунан чыгарбоо тууралуу УККдан көрсөтмө алганын «Аян» телеканалынын жетекчилигинен өз кулагым менен укканмын жана анын негизинде Ч.Жалилов менен Ө.Чотоновдордун бул каналда мурдатан чыгып келген долбоорлору токтотулган. Андан тышкары мен бир канча жыл катары менен орозо маалында диний маанидеги материалдарды ар кайсы каналдар аркылуу чыгарганы аракеттенип, кээ бир көрсөтүүлөр чыгып да калчу. Мисалы, 2015-жылкы орозодо УТРК 60 мүнөттүк «Орозодо отуз күн» аттуу көрсөтүүнү күнүнө түз эфирде чыгарылып, ар кандай сурамжылоолор боюнча каналдын ошол айдагы рейтингдүү долбоорлорунан айланган.

Бирок кийинки жылы да бул жөрөлгөнү улантканы турганда, КРнын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси О.Молдалиевдин жеке демилеси
менен КРнын Президентинин аппаратынан М.Карабаева УТРКнын жетекчилигине бул долбоорду эфирден алып салууну талап кылган кат жолдогон. И.Карыпбеков ал катты мага көрсөтүп, анын негизинде канал бул долбоордон баш тартууга мажбурлугун билдирген. Бул кээ бир мисалдар гана жана буга окшогон кополдуктарды эске албаганда бүгүн массалык маалымдоо каражаттарынан Ислам динин түшүндүрүүгө тыюу салган негиздүү аракеттер байкалбайт жана бүгүн кыргыз медиа мейкиндигинде диний маалыматты таратууга дагеле кенен мүмкүнчүлүктөр бар. Балким аны уюштурууга диний ишмерлердин зиректиги жана иш билгилиги жетпей жаткандыр, бул башка маселе.

 

 

 

96 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *