3-СУРОО



Элдин дээрлик көбү өзүн мусулман деп эсептейт жана алардын диний маалыматка муктаждыгы да күн санап өсүүдө. УТРК, ЭлТР сымал жана башка мамлекеттик, коомдук ММКлар бул муктаждыкты аткарышпайт. Алар ошол эле элдин салыгынан каржыланат эмеспи? Айпери Самаган кызы, Баткен шаары

 

Албетте, расмий статистикада өлкөнүн 80, ал эми кээ булактарда 85-90 пайызы мусулман деген маалыматтар айтылып жүрөт. Менимче бул көрсөткүчтөр өзүн мусулманмын деп эсептегендердин эсебинен көбөйтүлүп айтылгандыр. Ал эми беш убак намаз окуп,  Исламдын талаптарын аткарып жашаган мусулмандардын гана эсебин алса, балким жогорудагы көрсөткүч алда канча аз чыгуусу толук ыктымал. Ошентсе да мусулмандардын санына карабай, алардын диний маалыматка болгон укугу жана кызыкчылыктары көз жаздымда калбашы керек. Т.а. КРнын Конституциясы кепилдеген укуктар өлкөнүн ар бир жаранына тиешелүү жана мусулман өзүнүн дини тууралуу маалымат алууга толук укуктуу. Жарандарын мамлекет кепилдеген маалымат алуу укугун чектөө — демократиялык негизги устундарга доо кетирүү болуп эсептелет. Анын үстүнө мамлекеттик басылмалар жана электрондук массалык маалымдоо каражаттары элдик салыктан каржылангандыктан, анын талабын канатандырууга милдеттүү. Бирок маселенин дагы бир тарабын эске алуу зарыл. Т.а. мусулман коому өзүнүн дини тууралуу маалымат алууга муктажбы? Же ага башка маселелер олуттуубу?

Кыргызда: «Бала ыйлабаса эмчек кайда» деген сөз бар. Эгер талап болсо гана маселе пайда болот. Бүгүн тилекке каршы диний маалыматты талап кылган бир да коомдук аракет жок. Демек, коом талап кылбаган диний маалыматты өз демилгеси менен берүүгө «светтик» ММКнын интеллекти, зиректиги жана жоопкерчилиги да жете бербейт. Жеткенде да аны жетишээрлик деңгээлде уюштура алган кадрлары жок. Маселе кайра эле муфтиятка барып такалат. Ал эми ажылыкты уюштуруудан башы чыкпаган муфтият мындай жүктү азырынча көтөрө албайт. Демек, алгач диний маалыматка болгон муктаждыкты уюштуруу жана андан соң гана аны талап кылуу зарыл. Албетте, бул учурда диний маалыматты тейлей алган жеткиликтүү кадрлардын зарылдыгы да келип чыгат. Бул эки түйшүктү тең, катарынын жукалыгына карабай, кыргыз коомчулугуна Ислам динин түшүндүрүү менен алек болгон мусулман интеллигенциясы гана көтөрө алат. Анткени, Ислам динин коомдук деңгээлге ылайык жайылтуу, коом менен иштөө мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү — ушул алдыңкы катмарга гана таандык жана аны толугу менен ишке салуу ал катмарга аманат болуп эсептелет.

 

 

 

94 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *