4-СУРОО



Дүйнөдө 150 000 мужтахид, 6 млн. каары бар деп угабыз. Анда эмне үчүн же кайсы себептерден мусулмандардын абалы начар?         Ж.Р. Ош шаары

 

Мындай статистиканы санап отурса убакыт жетпейт. Бул албетте зеенди кейиткен маселе. Жөн эле зеенди кейитпей, намысты кордогон жана дилиңди да кемсинткен маселе.
Анткени, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам түптөгөн мусулман үммөтү он төрт кылым бою дүйнөнү адилеттүүлүк таразасында калчап турду. Мусулмандар барган жерлер гүлдөп, илим өнүгүп, эл чарбасы жанданып, бийликтин адилеттүүлүгүнөн таасирленген жергиликтүү эл өз дининен чыгып, Ислам динин ыктыяры жана ыраазылыгы менен кабылдашчу. Каапырлар мусулмандардын сөз чебердигинин, соода- сатыгын, кийимин, мамилесин карап өздөрүнүн караңгылыгын жашыра албай кыйналчу жана мусулмандарга тең келип сүйлөшө алганы менен сыймыктанышчу. Дүйнөнүн азыркы башчылары делген Европа мамлекеттеринин элчилери мусулмандардын башчысынын кабылдамасында айлап күтүшчү жана андагы маданиятты өз элине жаңы маданият катары таратышчу. Кийин эле арадан бир кылым өтпөй, абал түп тамыры менен алмашты. Эми мусулмандар өзүнүн мусулмандыгынан уялат. Дүйнөдөгү эң артта калган эл мусулман калктуу мамлекеттер. Өндүрүшү жокко эсе, экономикасы коррупцияга баткан, илим жөнүндө сөз жок, мамилеси чаташкан, дос-душманын билбеген, жалаң кара жумушка жалданып иштеп калган – бул мусулман элдери болду.
«Жер дүңгүрөткөн зоболодон мындай кордукка түшүп калуунун себеби эмнеде?» — деп сурадыңыз сиз.

Мунун себеби бирөө гана: Мусулмандар өз динин билбей калышты. Башкача айтканда мусулмандар Аллах жана Анын акыркы пайгамбары калыптап, аманат кылып кеткен
жоопкерчиликти унутуп, өз ийгилигинин сырын, негизги эрежесин таштап, динине жат эреже менен жашап калышты. Куран ар бир мусулманда бар, бирок анын маанисин бири да түшүнбөйт. Түшүнгөнүн өздөрү камактарда чиритет. Намаз окушат, бирок эмнеге окуганын түшүндүрө алышпайт. Ажыга барышат, бирок эмнеге барышканын билбейт. Мусулманмын дешет, бирок жашоосу каапырдан айырмаланбайт. Дагы, дагы, дагы,…толтура. Бул суроого көптөгөн мусулман ойчулдары жооп издеген.

Алардын бири Ибрахим Адхамдан мусулмандар өздөрүнүн кор абалы тууралуу сураганда:

Силер Аллахты билесиңер, бирок Ага баш ийбейсиңер.

Силер Аллахтын Элчисин тан аласыңар, бирок анын Сүннөтүн ээрчибейсиңер.

Силер Куранды билесиңер, бирок анын буйруктарын аткарбайсыңар.

Силер ырыскыны Аллахтан аласыңар, бирок Ага шүгүр кылбайсыңар.

Силер Бейиш бар дейсиңер, ага даярданбайсыңар.

Тозок бар дейсиңер, андан качпайсыңар.  

Шайтанды душмандейсиңер, аны менен доссуңар.

Өлүм бар дейсиңер, ага даярданбайсыңар.

Өлүктөрдү көмөсүңөр, андан сабак албайсыңар.

Көзүңөдү ачкандан баштап бирөөлөрдүн каталары менен алексиңер, өзүңөрдүкүн оңдобойсуңар.

Ибрахим Адхамдын сөзүнө бир сөз кошуу кыйын.

Бирок ошентсе да, дагы бир окумуштуунун сөзүн кошумчаласа ашыкча болбос. Ал: «Мусулмандар жашоосундагы негизги максатын унутуп калышкан. Ал эми аны унутпагандар да ага жетүү жолун туура эмес тандашат. Андан тышкары алар өз ара байланышы начар жана аларды байлап турган байланыш да начар» — деген.

Чындыгында мусулмандар өз татыктуулугун билсе, өздөрүнүн чыныгы вазыйпасын аңдаса жана анүчүн жоопкерчилигин сезсе гана краңгылыктын эзүүсүндө калган элди кулдуктан бошотууга бет алат жана ушул жолдо ийгилик табат.

 

 

 

1,392 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *