5-СУРОО



Кыргызстандагы Ислам дининин жайылуусунда ийгиликтер барбы?                                                      Нурлан С. Алма-Ата шаары

 

Албетте, Ислам динин коомдук туруктуулукка залакасын тийгизбей, ар кандай тукуруучу долбоорлорго алданбай жеткирүүдө белгилүү ийгиликтер бар. Аларды айтпай кетүү туура эмес. Ашып барса мындан он беш жылдай илгери арак ичпеген адам жок болчу. Шаарда түштөн кийин соо адам табуу кыйынга турган. Ал эми азыр арак көчөдө эмес, тойлордо да ичилбей калды. Бул диндин ийгилиги. Ошол эле жылдары өлкө боюнча элүүгө жетпеген мечит болгон дешет. Бишкектин борбордук мечитинде орозонун таравих намаздарында болгону эки-үч катар эл турганын мен да көргөнмүн. Азыр өлкөдө эки жарым миңге жакын мечит катталган жана алардын жамааттары күн сайын өсүп, таравих гана эмес, беш убак намазда да батпай калып жаткан мечиттер бар.

Айт намаздарында борбордук аянтка чыккан элдин санын көргөндүн көзү кубанат. Анын үстүнө, намаз окуган жамааттардын жаштыгы өзгөчө, кубанаарлык көрсөткүч.
Мунун баары жөн жерден келип калган жок. Ар кандай кемчиликтер бар жана олку- солкулар да болду. Бирок бул ийгилик кыргыз мусулмандарынын курмандыктары, дин
жеткирүүдөгү жоомарттыгы жана чынчылдыгынын жемиши болду десе туура болот. Дин жеткирүүдө канчалаган балдар баштарынан кемсинүүлөрдү, жамандоолорду, мазактоолорду өткөрдү. Эчендеген көз жаштар тамды. Аларды ким гана урушкан жок, ким гана келекелеп нукубады. Азыркы абал мына ошол жигиттердин, кыздардын кажыбас кайраты, өжөр мээнети, үлгүлүү сабыры жана бийлик, мамлекет менен сүйлөшө алган даанышмандыгы менен ушул деңгээлге жетти. Албетте, дагеле кылына турган иштер көп. Алардын бири азыр мусулман жамааттарынын өз ара бири-бирине болгон мамилелери түптөлө баштаган учур. Бул процессте өтө кыраакылык, чебердик жана айкөлдүк талап кылынат. Мусулман жамааттарынын, алардын башчыларынын өз ара ынтымакка келип, дин жайылтууга жапа тырмак, борборлошкон негизде киришүүсү – албетте дин душмандарынын тынчын албай койбойт. Алар мусулмандардын арасынан коркокторун, мансапкорлорун, табак жалаганды жакшы көргөн сатылмаларын жалдап, дагеле жамааттар ортолук ынтымакка доо кетирген аракеттерин аяшпайт. Демек, мусулмандар бул иште мурдагыданда этияттык жана жоопкерчилик менен иш алып баруулары зарыл.

Антпесе, дин душмандары, ар кандай долбоорлорду токуп, коомдук туруктуулукка зыян берген кыймыл катары баалап, ансыз да араңжанданган Ислам чакырыгын дагы ондогон жылдарга артка сүрүп салгысы келет.

 

 

 

318 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *