8-СУРОО



Араб тилин билбеген кыргыз араб тилинде түшкөн китепке кантип ыйман келтирет?   А.Т. Бишкек ш.

Бул суроо менин да кызыгуумду пайда кылды жана ыйман тууралуу билгендеримди кайра ойлоно баштадым. Куран жана Сүннөттө ыймандын шарттары толук берилген жана ага ылайык Аллахка, Анын периштелерине, пайгамбарларына, китептерине, тагдырга жана кайра тирилүүгө ишенген адам ыймандуу деп эсептелет. Ал эми буларга толук, же кайсыдыр бирине болсо да ишенбегендер каапыр деп айтылат.

Ишенүү үчүн дайым эле сезимдерге түшкөн (көзгө көрүнүп, колго урунуп же кулакка угулган) далил табыла бербейт. Же ишенүүнүн баарына далил талап кылуу туура эмес. Мисалы, периштелерге ишенүү үчүн алардын барлыгын жана сыпаттарын тастыктаган материалдык далил жок. Алардын барлыгына Куран сөзүнө таянып гана ишенүү зарыл.

Ушундан улам ынандырууда эки сызык менен тастыктоо жүрөт. Бири Аллахтын бар экенин далилдөө, андан соң Анын периштелерин, Китептерин ж.б. тастытоо. Ал эми экинчи сызыкта оболу Курандын акыйкаттуулугу далилденет жана андан ары андагы маалыматтардын акыйкаттуулугу тастыкталат.

Экөөсүндө тең логикалык акыл калчоо зор ролду ойной. Мисалы, кайсыдыр айылда суунун барлыгын далилдөө үчүн сөзсүз ал айылга барып, андагы суудан ичип келүү шарт эмес. Анткени, эл адатта суу бар жерге отурукташат жана суу кургап калса эл ал турактан сөзсүз көчүп кетет. Ошондуктан эл отуруктаган жерде суу болоорун тастыктоо ашыкча.

Ошондой эле ар бир кийимдин тигүүчүсү болот. Аны кийген адам тигүүчүнү көрбөсө да анын барлыгын танбайт. Анткени, ал кийим өзү тигилип калбайт жана анын тигүүчүсү сөзсүз болууга милдеттүү.

Ошондой эле бул ааламдын да Жаратуучусу болуусу сөзсүз. Анткени, бул ааламдардагы заттардын ички түзүлүшү, заттар ортосундагы кооз байланыштар, мыйзам ченемдүүлүктөр, кубулуштар өзүнөн өзү жаралуусу мүмкүн эмес. Болгону ал Жаратуучуну бирөөлөр Кудай десе, башкалары Бог же Аллах деп аташат.

Эми Аллахтын болуусун жана барлыгын тан алган соң, ыйман талабындагы калган (периштелери, Китептери, Элчилери ж.б.) шарттарды кароого киришсе болот.

Ушундан улам суроодо берилгендей араб тилин билбесе да Курандын Аллахтан түшкөндүгүнө ишенсе болот. Бирок Курандын ичиндеги маалыматтарды түшүнүү, алардан өкүм чыгаруу үчүн араб тилин билүү зарыл. Тагыраак айтканда Курандагы өкүмдөр араб тилиндеги нускасынан гана алынат жана Курандын эч бир котормосу өкүм чыгаруу үчүн негиз боло албайт.

Айтмакчы, мен бул оюмду бир катар белгилүү аалымдарга жолдогонумда, алар бул жооптордун тууралыгын тастыкташты.

 

 

 

1,615 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *